Кыргызстанда 3 миң 900гө жакын үй-бүлө кооптуу аймактарда жашайт

Кыргызстанда 3 миң 900гө жакын үй-бүлө кооптуу аймактарда жашайт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, булардын ичинен 2 миң 400дөн ашыгына мамлекеттик көмөк, жер тилкелери берилген.

Бирок турмуш-тиричилик ыңгайына карап, тактап айтканда, айдоо, үлүш, жайыт жерлери бар экендигин жүйө келтирип көчпөй жатышат.

Ал эми 2 миң 500 аймакта сел, суу каптоо коркунучу бар.