Самбо боюнча дүйнө чемпионаты алгачкы жолу Кыргызстанда өтөт

Самбо боюнча дүйнө чемпионаты алгачкы жолу Кыргызстанда өтөт. Маданият, маалымат жана спорт министринин орун басары Канат Шабданбаевдин айтымында, 11-13-ноябрь аралыгында өтө турган турнирге 55 мамлекеттен келген 420 спортчу катышат.

 

Жалпы байге фонду 230 миң долларды түзөт. Белгилеп кетсек, биринчиликтин алкагында эркектер жана кыз-келиндер 7 салмак категориясы боюнча күч сынашат.