Санкт-Петербургда Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды

Россиянын Санкт-Петербург шаарында 1-сентябрда Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

«Башкы консулдук Орусия менен экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, бул өлкөдөгү кыргыз жарандарына ар тараптуу жардам берүү максатында ачылды. Анын аймагына Санкт-Петербург шаарынан сырткары Карелия жана Коми республикалары, Архангельск, Вологда, Калининград, Ленинград, Мурманск, Новгород жана Псков облустары кирет. Бул консулдук округда жүргөн кыргызстандык жарандар консулдук кызматтын бардык түрүнө байланыштуу кайрыла алат»,-деп жазылган маалыматта.

ТИМ башкы консул кызматына ким көрсөтулгөнүн тактаган жок.

Буга чейин Казань шаарында дагы Кыргызстандын башкы консулдугун ачуу каралып жатканы маалымдалган.

Расмий маалыматка ылайык, Россияда Кыргызстандын бир миллиондон ашуун жараны эмгек мигранты болуп жүрөт. Буга чейин Жогорку Кеңеште элчиликте мигранттарга керектүү жардам көрсөткөн кызматкерлер жана юристтер жетишпей жатканы тууралуу маселе көтөрүлгөн.