Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кара-Багыш” өткөрмө бекети ишин жандантты

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кара-Багыш” өткөрмө бекети ишин жандантты. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.

 

Соңку он жылдан ашык убактан бери жабык турган бул чек ара бекетин эки өлкөнүн башчыларынын тапшырмасы негизинде ачылып, Анжиян облусунун Мархамат району менен Ош облусунун Араван районунун үзүлүп калган карым-катнашы кайрадан жанданат.

 

Кыргыз-өзбек чек арасында жалпысынан 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү  2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабык турган.