Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бахрейнге утулду

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бахрейнге утулду.

Оюн 4:2 эсебинде аяктады. Мелдеш Бахрейндин борбору Манамада өттү.

Эсепти кыргызстандыктар ачып, 16-мүнөттө капитан Валерий Кичин пенальтиден тепти.

Андан кийин Одилжон Абдурахманов дагы гол жаратты. Бирок Бахрейндин командасы

биринчи таймдын аягында жана экинчи таймдын башталышында «Ак шумкарлардын»

дарбазасына топ киргизе алды. Жолдоштук беттеш 2023-жылкы Азия кубогунун тандоо

туруна даярдыктын алкагында өттү. Биздин футболчулар буга чейин Сингапурду уткан.