Бишкектеги «Даңк» аллеясында Кыргызстандан чыккан UFC мушкери Антонина Шевченкого арналган жылдызча пайда болду. «Пантера» каймана аты бар кыргызстандык спортчу ММА спортунда 9 беттеште жеңишти камсыздап, 4 ирет утулган.
«Даңк» аллеясы Бишкектеги соода борборлорунун биринде жайгашкан. Ал жерге искусство, спорт сыяктуу тармактарда ийгилик жараткан атактуу кыргызстандыктардын жылдызчалары коюлат.