АКШда жаңы шайланган президент Джозеф Байдендин инаугурациясынын алдында коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Ордо калаада Улуттук гвардиянын 20 миңден ашык аскери коопсуздукту камсыздайт. Мэриленд, Нью-Мексика жана
Юта губернаторлору өзгөчө абал режимин жарыялашты. Капитолий зым менен коргондолуп жатат. Эске салсак,
мындай чаралар 6-январда мөөнөтү аяктап бараткан президент Дональд Трамптын тарапташтары Капитолийди
ээлеп алган сыяктуу окуялар орун албашы үчүн жасалууда. Джо Байдендин инаугурациясы 20-январда өтөт