Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлыгына Тилек Мамадалиев дайындалды

Тилек Мамадалиев саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу  министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Анда айтылгандай, Мамадалиев бүгүн, 7-декабрда, министрликтин жамаатына тааныштырылган. ЖМКлардын маалыматына ылайык, ал буга чейин саламаттык сактоо министринин кеңешчиси болуп иштеген.
Министрдин буга чейинки орун басары Жаркынбек Касымбеков кызматынан бошотулган болчу. Мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиевге кылмыш иши козголуп кармалгандан кийин Касымбеков министрдин орун басары кызматына дайындалып, министрдин милдетин аткаруу иши жүктөлгөн. Ал ушул жылдын июнь айынан тартып августка чейин иштеди.