Быйыл Кениянын улуттук сейил багында 200дөн ашык пил төрөлдү

Быйыл Кениянын улуттук сейил багында 200дөн ашык пил төрөлдү

Экологдордун айтымында, мындай көрсөткүч буга чейин каттала элек болчу.

Рекорддук түрдө төрөлүү аба-ырайына байланыштуу. Акыркы эки жылда

жаан-чачын көп жаап, мындан улам алп жаныбарларга керектүү азык жетиштүү болду.

Улуттук парктын кызматкерлери кубанышкандай, көп жылдан кийин пилдердин

популяциясын калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кенияда жарым

кылым мурда пилдердин саны 167 миң болсо, учурда андан 5 эсе аз.