Синоптиктер шашылыш билдирүү таратты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 13-марттан 15не чейин аба-ырайы кескин өзгөрөт. Өлкөнүн басымдуу аймактарында катуу жаан жаайт.
Түндүктө аба табы -5 градуска чейин, түштүк облустарда -3 градус төмөндөйт. Аба-ырайынын мындай шарттары транспорт, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат.