Бишкекте бүгүн катуу шамал болот

Бишкекте бүгүн катуу шамал болот. Синоптиктердин маалыматына ылайык, түштөн кийин шаарда ылдамдыгы секундасына 17 метрге жеткен шамал күтүлөт.

 

Андыктан, жарнамалык такталардын, жеңил конструкциялардын, бактардын алдынан өтпөө сунушталат. Ошондой эле, унааларды токтотууда этият болуу керек. Ордо калаа асманын ала булут каптап, шамал болгону менен, жаан-чачын күтүлбөйт.