Муфтият битир-садаганын баасын бекитти.
Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдриишкендей, быйылкы Орозо айында берилүүчү зекет 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар.
Базар баасы менен алганда ар бир адамга 35 сомдон эсептелди.
Буудайдан сырткары ун, мейиз, арпа, курма менен берсе болот. Мусулмандар битир-садаганы өз каалоосу менен мечиттерге бере алышат.
Кошумчаласак, жыл сайын Орозо айында 30 миллион сомдой садага-битир жыйналат. Бул каражат муктаждарга жана диний керектөөлөргө сарпталат.