Кыргызстанда акыркы суткада дагы 400 адам ковидди жеңип чыкты.
Сакайгандардын басымдуу бөлүгү Бишкекке, Ошко Чүй, Жалал-Абад
облустарына туура келет, — деп билдиришти коронавируска каршы
күрөшүү боюнча республикалык штабдан. Ушуну менен өлкө боюнча
коронавирустан айыккандардын саны 65 миң 589 адамга жетти.