Кыргыз-казак чек арасында “Ак-Жол” өткөрүү түйүнү азырынча жабыла элек

Кыргыз-казак чек арасында “Ак-Жол” өткөрүү түйүнү азырынча жабыла элек. novosti.kgге Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, учурда  ремонттук иштерге даярдыктар жүрүүдө. Казакстан менен бир күндө эки тараптуу жабуу боюнча сүйлөшүүлөр өтүп жатат.

 

Эске салсак, өткөрүү түйүнү калыбына келтирүү иштерине январдын башында жабылат деп пландалган. Коңшу өлкөгө жарандар “Ак-Тилек”, “Токмок”, “Кең-Булуң”, “Кайыңды” жана “Чалдыбар” түйүндөрүнөн өтө алат.