Кыргызстанда пенсия курагын жогорулатуу пландалган жок

Кыргызстанда пенсия курагын жогорулатуу пландалган жок. Бирок берилген жеңилдиктер кайра каралышы мүмкүн. Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнур Жуматаеванын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө аялдар пенсияга 58 жашында, эркекте 63 жашында чыгат.

 

Бирок айрым категориядагы жарандар пенсияга эрте чыгат. Алсак, бийик тоолуу аймактагы аялдар 45, эркекте 55 жашында. Фонд бул талапты жок дегенде 3 жылга жогорулатууну сунуштады. Жакынкы арада калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт, — деди Жуматаева.

 

Кошумчаласак, Кыргызстанда 715 миң пенсионер бар.