«Тазалыкка» жаңы жетекчи дайындалды

“Тазалыкка” жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Тазалык” ишканасына Султан Алыбаев жетекчиси болуп дайындалган.

 

Өткөн жумада “Тазалык” ишканасынын айрым кызматкерлери иш таштап, митинг уюштурушкан. Алар жетекчиси Азат Сагыновдун иштен кетүүсун талап кылышкан.

Бир нече күнгө созулган митингден кийин аларга мэр барып жолугуп, кийин иш ташатагандар жумушка чыгышкан.