Дүйнө чемпионаты: Айсулуу Тыныбекова коло үчүн күрөшөт

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн күрөшөт. Ал 12-сентябрда жарым финалдык таймашта жапониялык Нонока Озакиге 5:11 менен жеңилип калды. Айсулуу Тыныбекова эми 13-сентябрда коло байге үчүн таймашат.

 

Кыргызстандык балбан кыз 1/8 финалда болгариялык Блиана Живкова Дудованы, чейрек финалда германиялык Луиса Хелга Герда Ниемешти уткан. Тыныбекова менен Озаки буга чейин эки жолу беттешкен. Алгач 2021-жылы Норвегиянын Осло шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында Тыныбекова Озакини 6:4 эсебинде жеңип алган. Экинчи жолу быйыл апрель айында Монголияда өткөн Азия чемпионатынын финалында таймашып, анда жапониялык жеңишке жеткен.

 

Айсулуу Тыныбекова 29 жашта. Буга чейин Дүйнө чемпионатында эки алтын, бир коло байге алган. Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү. Азия чемпионатынын төрт алтын, эки күмүш жана бир коло байгесинин ээси.

Күрөш боюнча (грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшү) Дүйнө чемпионаты 18-сентябрга чейин уланат. Кыргызстандан бул мелдешке 15 спортчу катышууда.

 

11-сентябрда Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта венгриялык Золтан Леваини 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, Дүйнө чемпиону болгон.

12-сентябрда грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков финалга чыкты. Ал 13-сентябрда финалдык беттеште болгариялык балбан Эдмонд Армен Назарян менен күрөшөт.