Кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль багындырды. Сербияда өтүп жаткан биринчиликте ал 67 килограмм салмакта килемге чыкты.
Коло байге үчүн күрөштө ал грузиялык атаанндашын 17:8 эсеби менен утуп алды. 24 жаштагы Амантур Исмаилов Азия оюндарынын жана Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси. Ислам шериктештиги оюндарында күмүш медаль тагынган.