Түркиянын 3 шаарынан 8 кыргызстандык коопсуз жайга эвакуацияланды

Түркиянын 3 шаарынан 8 кыргызстандык коопсуз жайга эвакуацияланды.

 

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, ошондой эле биздин  9 жаранга, анын ичинде 2 балага тиешелүү жардам көрсөтүлдү.

 

Бардык эвакуацияланган кыргызстандыктар тамак, суу жана жылуу кийим менен камсыздалды. Ведомстводон белгилешкендей, кырсык катталган аймактарда байланыш, интернет жана электр энергиясы менен жаралган маселелер кыйынчылык жаратууда. Алдын ала маалыматка ылайык, каза тапкандардын арасында Кыргызстан жарандары жок.