ТИМ Түркиядагы соңку абал жана тактоо иштери боюнча маалымат берди

Түркияда жер титирөөдөн каза болгондор арасында 8-февраль, саат 12ге карата кыргыз жарандары катталбаганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Түркиядагы элчилик Анталья жана Стамбул шаарларындагы башкы консулдуктар менен бирге кыргызстандыктар каза болгондор жана жабыркагандар арасында бар же жогун тактоо иштерин улантууда.

 

Жардамга муктаж кыргыз жарандарына колдоо көрсөтүлүп, Адана, Кахраманмараш жана Османийе шаарларынан коопсуз жактарга сегиз кыргызстандык жеткирилгени, Малатья шаарында тогуз кыргыз жаранына (экөө балдар, бирөө кош бойлуу келин) жардам берилип жатканы маалымдалды.

Байланыш, интернет жана электр жарыгы менен камсыздоодо техникалык көйгөйлөр жаралгандыктан иш оорлоп кеткени белгиленди.

Азыркы тапта, ТИМ билдиргендей, Анкара жана Стамбул шаарларында гуманитардык жардам чогултуу пункттары иштеп жатат, Кыргызстандан барган куткаруучулар тобу Кахраманмараш шаарында ишке киришти.

 

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен. Түркияда, соңку маалыматка караганда, мерт болгондор 7 миңден, жарадарлар 40 миңден ашты. Сирияда каза болгондор 2 миңге, жараат алгандар 4 миңге чукулдады.