Быйыл ажылык сапарга баруу акысы бир адамга 3 миң 750 долларды түздү

Быйыл ажылык сапарга баруу акысы бир адамга 3 миң 750 долларды түздү.   Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, акчаны эртең, 27-февралдан тарта 4-мартка чейин төлөө зарыл.   Буга чейин зыяратчылар 2 миң доллар төлөсө, эми калган 1 миң 750 долларды төлөшү… Кененирээк…

Абдулазиз кары Закиров Кыргызстандын муфтийи болду

Абдулазиз кары Закиров Кыргызстан муфтийи болуп шайланды. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.   Абдулазиз кары Закиров 1979-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган. Кыргыз, араб жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт. Үй-бүлөлүү, үч уул, бир кыздын атасы. Билими: 1993-1998-жылдары Түркиянын Стамбул шаарындагы хафыздык Куран… Кененирээк…

Муфтийдин кызмат ордуна сынак жарыяланды

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынан муфтийдин кызмат ордуна сынак жарыялангандыгын билдиришти. Талапкерлер 2024-жылдын 27-январынан 6-февралына (саат 17:00гө чейин) чейин документтерди тапшырышы керек. Дареги: Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспектиси, 264/3. Муфтияттын имараты (2-кабат, 11-бөлмө).   Муфтийдин кызмат ордуна сынак жарыялангандыгына байланыштуу ушул жылдын 10-февралында Кыргызстан мусулмандарынын кезексиз курултайы… Кененирээк…

Замир Ракиев Кыргызстандын муфтийи кызматынан кетти

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи Замир Ракиев кызматтан кетти. Бул тууралуу ал өзү Имам Сарахси атындагы мечитте жума намаздын алдында билдирди. Азырынча муфтийдин эмне себептен кызматтан кеткени белгисиз.   Анын ордуна орун басары Самидин Атабаев муфтийдин милдетин аткаруучу болуп бекиди.   Эске салсак, Ракиев Кыргызстандын… Кененирээк…

Зыяратчыларды коштой турган ажы башчылар үчүн сынакка каттоо жүрөт

Зыяратчыларды коштоп баруучу ажы башчылардын сынагына каттоо 2024-жылдын 12-январынан баштап 26-январына чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Каттоо облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда болмокчу. 2024-жылдагы ажы башчылыкка талапкерлерди тандоо республикалык штабдын чечими менен тестирлөө түрүндө өткөрүлөт. Талапкерлер шарияттагы ажылык маселелер боюнча күч сынашат. Ажы… Кененирээк…

Бишкектин Ленин районунда диний мекемелер текшерилүүдө

Бишкектин Ленин районунда диний мекемелер текшерилүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө мекемелердин диний иштерди жүргүзүүгө укук белгилөөчү жана уруксат берүүчү иш-кагаздар жана мекемелердин жалпы санитардык абалы текшерилет.   Белгилеп кетсек, рейддик иш-чаралар 2021-2026-жылдарга карата Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле сыйынуу үйлөрүнүн… Кененирээк…

Кыргызстанда ажылыкка каттоо токтотулду

Кыргызстанда ажылыкка каттоо токтотулду. Novosti.kgге муфтияттан билдиришкендей, келерки жылдагы зыярат үчүн квота толду.   Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата Меккеге барууну каалагандар 2 миң доллар өлчөмүндөгү баштапкы төлөм жана кайтарымсыз 1000 сом төлөштү.   Эске салсак, 2024-жылы ажылыкка баруучулар үчүн Сауд Аравия Кыргызстанга 6 миң… Кененирээк…

Кыргызстанда ажылык сапарга каттоо башталды

Кыргызстанда ажылык сапарга каттоо башталды. Муфтияттан билдиришкендей, тизме түзүү 20-ноябрга чейин уланат. Зыяратка баргысы келгендер ID-картасын, 2 миң доллар жана кайтарымсыз 1 миң сом төлөгөнү тууралуу квитанциясын жана дагы башка ажылыкка керектүү кагаздарды тапшырышы керек.   Ал эми сапардын жалпы баасы азырынча тактала элек.

Эртең Кыргызстанда ажылык сапарга каттоо башталат

Эртең Кыргызстанда ажылык сапарга каттоо башталат. Муфтияттан билдиришкендей, тизме түзүү 20-ноябрга чейин уланат.   Зыяратка баргысы келгендер ID-картасын, 2 миң доллар жана кайтарымсыз 1 миң сом төлөгөнү тууралуу квитанциясын жана дагы башка ажылыкка керектүү кагаздарды тапшырышы керек. Ал эми сапардын жалпы баасы азырынча тактала элек.… Кененирээк…

Ажылык–2024: Кыргызстандык зыяратчылар үчүн 6 миң 60 квота бөлүндү

2024-жылы ажыга барууну каалаган кыргызстандыктар үчүн Сауд Аравия 6 миң 60 орун бөлдү. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.   Эске салсак, ажылык сапарга каттоо 9-ноябрда башталып, 20-ноябрга чейин уланат. Меккеге бара тургандар ID-карта менен электрондук каттодон өтүп, баштапкы төлөм катары банк аркылуу 2 миң доллар төлөшү… Кененирээк…