Бишкектин Ленин районунда диний мекемелер текшерилүүдө

Бишкектин Ленин районунда диний мекемелер текшерилүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө мекемелердин диний иштерди жүргүзүүгө укук белгилөөчү жана уруксат берүүчү иш-кагаздар жана мекемелердин жалпы санитардык абалы текшерилет.

 

Белгилеп кетсек, рейддик иш-чаралар 2021-2026-жылдарга карата Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруунун алкагында, ошондой эле сыйынуу үйлөрүнүн мыйзамсыз иштерине бөгөт коюу жана Ленин районунун аймагындагы диний кырдаалды көзөмөлдөөнү күчөтүү максатында өткөрүлүүдө.