Зыяратчыларды коштой турган ажы башчылар үчүн сынакка каттоо жүрөт

Зыяратчыларды коштоп баруучу ажы башчылардын сынагына каттоо 2024-жылдын 12-январынан баштап 26-январына чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.
Каттоо облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда болмокчу.
2024-жылдагы ажы башчылыкка талапкерлерди тандоо республикалык штабдын чечими менен тестирлөө түрүндө өткөрүлөт. Талапкерлер шарияттагы ажылык маселелер боюнча күч сынашат.
Ажы башчысы болууну каалагандар үчүн талаптарды муфтияттын сайтынан алсаңыз болот.
Эскерте кетсек, 2024-жылдагы ажылыкка Кыргызстандан бара турган зыяратчыларга 6 060 орун бөлүнгөн.