Муфтият авиакомпаниялар арасында сынак жарыялады

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы авиакомпаниялар арасында сынак жарыялаганын маалымдашты.   Сынактын негизги максаты 2024-жылдагы ажылык сапарга Кыргызстандан барган мусулмандарды алып баруу, кайра алып келүү болуп саналат.   Сынакка катышууну каалгандар 25-октябрдан 13-июлга чейин Бишкек шаары, Жибек жолу көчөсү, 264/3 дарегиндеги (Имам Сарахси борбордук мечитинин артында)… Кененирээк…

Кыргызстанда ажылык сапарга каттоо 9-ноябрда башталат

Кыргызстанда ажылык сапарга каттоо 9-ноябрда башталат. Бул тууралуу Novosti.kgге Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. 2024-жылы Меккеге барууну каалагандар ID-карта менен электрондук каттодон өтүп, баштапкы төлөм катары банк аркылуу 2 миң доллар төлөшү керек.   Ал эми сапардын жалпы баасы Сауд Аравия менен сүйлөшүүлөрдөн кийин белгилүү… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда 64 мечит убактылуу жабылды

Жалал-Абад облусунда 64 мечит убактылуу жабылды. Аймактык казыяттан билдиришкендей, жыл башынан бери атайын түзүлгөн топ текшерүү жүргүзүп келген. Анын жыйынтыгында 24 мечитте тиешелүү документтер жок экени аныкталса, 27си сел жүрүү коркунучу алдындагы жерлерде жайгашкан.   Дагы 24 мечитке документтерин иретке келтирүүгө мөөнөт берилди.   Белгилеп… Кененирээк…

Баткенде 32 мечит жана 5 диний окуу жайдын иши токтотулду

Мекемелер аралык жумушчу топ Баткен облусунун аймагындагы диний объектилердин ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.   Текшерүүнүн жыйынтыгы менен “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” КР мыйзамынын талаптарын бузгандыгы, архитектуралык-курулуш, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана өрт коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн 55 мечитке жана 6 диний окуу… Кененирээк…

Ош облусундагы 60тан ашуун мечит, медресенин иши токтоду

Ош облусундагы 60тан ашуун мечит, медресенин иши токтоду.   УКМКдан билдиришкендей, “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын” ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштин алкагында Оштогу диний жайлардын ишмердиги текшерилди. Ага ылайык, айрым мечит-медреселердин башаламан жайгашуусу, архитектуралык-курулуш жана санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбаганы, медреселердеги билим берүүнүн бирдиктүү стандарттарынын жоктугу… Кененирээк…

Бишкекте Курман айт намазы окулду

Бүгүн, 28-июнда Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Курман айт намазы окулду. Мусулмандар башкармалыгынын муфтийи Замир Ракиев кыргызстандыктарды бул күн менен куттуктап, өлкөдө тынчтык, бейпилдик, ынтымак жана береке болушун каалады.   Айт намазга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев,… Кененирээк…

Кыргызстанда Курман айт намазы 28-июнда күнү эски аянтта окулат

Кыргызстанда Курман айт намазы 28-июнда күнү эски аянтта окулат. Бул тууралуу муфтияттин билдиришти. Иш-чара таңкы саат 06:00дө башталып, дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолору айтылат.   Программа: 06:00-07:00 – дин аалымдарынын баяндамасы; 07:00-07:30 – Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин куттуктоосу жана баяндамасы; 07:30 – Айт намаз. Мусулмандардын… Кененирээк…

Бул иш жумасы бир күнгө кыска болот

Бул иш жумасы бир күнгө кыска болот.   Келе жаткан шаршемби, 28-июнда өлкөдө Курман айт белгиленет. Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришкендей, бул күнү салттуу түрдө Эски аянтта айт намазы окулат.   Белгилеп кетсек, Курман айт орозо аяктагандан кийин 70-күнгө туура келет. Бул майрам кызыл даталарга киргендиктен,… Кененирээк…

Кыргызстандык зыяратчылардын акыркы тобу Меккеге учуп кетти

Кыргызстандык зыяратчылардын акыркы тобу Меккеге учуп кетти.   Муфтияттын маалыматына ылайык, соңку рейс менен 60 адам Ош аэропортунан учту. Эске салсак, быйыл Кыргызстанга Сауд Арабиясы биринчи жолу 6 миң квота бөлүп берген.   Ажылыктын баасы быйыл 3 миң 900 долларды түзөт.

Курман айт майрамы 28-июнда белгиленет

Курман айт майрамы 28-июнда белгиленет. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан жарыялашты. Андан такташкандай, 27-июнь – арапа күнү,  28-июнь – Курман айт.   Бул күнү ордо калаанын эски аянтында салттуу айт намазы окулат. Белгилеп кетсек, Курман айт мусулмандардын ыйык майрамдарынын бири. Бул күнү курмандык чалып, муктаждарга… Кененирээк…