Кыргызстан абанын сапатын жакшыртууга 50 миллион доллар насыя алат

Кыргызстан абанын сапатын жакшыртууга 50 миллион доллар насыя алат.   Каражатты Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы бөлүп берет. Тиешелүү макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.   Каражат аба сапатын көзөмөлдөөчү станциянын курулушуна, химиялык лабораторияны модернизациялоого, божомолдоо ыкмаларын жакшыртууга жана жер тамдардагы жылытуу системасына… Кененирээк…

Быйыл жазгы айдап-себүү иштерине 4 тонна урук сатылып алынат

Быйыл жазгы айдап-себүү иштерине 4 тонна урук сатылып алынат. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бул максатта 55 миллион сом жумшалат деп пландалууда.   Учурда үрөн чарбачылыктары менен 40 келишим түзүлдү. Ага ылайык, буудай, арпа, жүгөрү, беде, пахта, эспарцет жана картөшкөнүн уругу сатып алынат.

3,5 миңден ашуун кыргызстандык атайын декларация тапшырып, мүлкүн мыйзамдаштырды

3,5 миңден ашуун кыргызстандык атайын декларация тапшырып, мүлкүн мыйзамдаштырды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Ысабеков билдирди. Анын айтымында, активдери 100 миллион сомдон ашкан 73 адам миллион сомдон бир жолку төлөм төлөштү.   Ведомстводон эске салышкандай, мүлктү ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу… Кененирээк…

“Социалдык контракт” программасына катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталды

Кыргызстанда “Социалдык контракт” программасына катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталды. Эмгек министрлигинин басма сөз кызматы долбоордун алкагында чакан ишкана ачуу үчүн 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат берилерин эске салды.   Быйыл 23 миң үй-бүлө программага катыша алат. Акчаны социалдык паспорту бар же “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк… Кененирээк…

Экономика министрлиги активдерди ыктыярдуу түрдө легалдаштырууну жыл аягына чейин узартууну сунуштады

Экономика министрлиги активдерди ыктыярдуу түрдө легалдаштырууну жыл аягына чейин узартууну сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.   Соңку мөөнөт 9-июнга чейин белгиленген. Ведомстводон эске салышкандай, өнөктүк инвестицияларды көбөйтүүгө, көмүскөдөгү тармакты кыскартууга, активдерди сактоо кепилдигин камсыздоого жана мыйзам бузуулар учурунда мамлекеттик органдардын куугунтугунан коргоого багытталат.

Кыргызстанда 73 адам мүлкүн мыйзамдаштырды

Кыргызстанда 73 адам мүлкүн мыйзамдаштырды.   Алардын ар биринин мүлкү 100 миллион сомдон ашат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын жетекчиси Кубанычбек Ысабеков билдирди.   Ал эске салгандай, 100 миллион сомдон төмөн болгон мүлк мыйзамдаштырылса, эч нерсе төлөнбөйт. Ал эми бул чектен… Кененирээк…

“Чакан, кичи жана орто ишкерликти колдоо” долбоорунун алкагында ишкерлерге 6,5 миллиард сом берилди

“Чакан, кичи жана орто ишкерликти колдоо” долбоорунун алкагында ишкерлерге 6,5 миллиард сом берилди.   Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан каржылык колдоону 9 миңден ашык бизнесмен алды.   Эске салсак, долбоордун алкагында 1 миллиондон 3 миллион сомго чейин берилет. Программа Кыргызстандын бардык аймактарында 2027-жылдын июль айына… Кененирээк…

Чүйдөгү жаңы цемент завод ушул жылдын август айында иштей баштайт

Чүй облусундагы жаңы цемент завод ушул жылдын август айынан тарта иштей баштайт. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, өндүрүштү ишке киргизүү менен 450 жумуш орду түзүлөт.   Курулушка 45 миллион доллар бөлүнгөн. Бул заманбап технологияларды колдонуу менен иштеген өлкөдөгү ири ишканалардын бири болору белгиленди. Анын өндүрүштүк кубаттуулугу… Кененирээк…

Бишкек менен Чүйдү газдаштырууга 3 млн сом насыя берилди

Бишкек менен Чүй облусун газдаштырууга 3 млн сом жеңилдетилген насыя берилди. Каржы министрлигинен билдиришкендей, каражат эки мамлекеттик банк тарабынан берилүүдө.   Ушул жылдын 10-майына карата долбоордун алкагында 21 субъект насыя алды. Белгиленгендей, кредиттөөнүн жалпы көлөмү 1 млрд сомду түзөт.

Кыргызстанда орточо айлык акы 34 миң сомду түздү

Кыргызстанда орточо айлык акы 34 миң сомду түздү. Январь-март айларындагы маалымат менен Улуттук статистика комитети бөлүштү.   Белгилүү болгондой, сумма былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 11 пайызга көп. Эмгек акынын көбөйүшү бардык ишканаларда жана уюмдарда байкалганы кабарланды.