Таш-Көмүр ГЭСинде масштабдуу оңдоо иштери жүрүүдө

Таш-Көмүр ГЭСинде масштабдуу оңдоо иштери жүрүүдө. Негизги максат алдыдагы кыш айларында калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу болуп саналат.   Учурда адистер тарабынан станциянын коопсуздугун арттыруу максатында техникалык жумуштар аткарылып жатат. Иштер атайын бекитилген график менен жүрүүдө жана үстүбүздөгү жылдын ноябрь айына… Кененирээк…

Бишкекте электр тармактары жаңыланууда

Бишкекте электр тармактары жаңыланууда.   Күзгү-кышкы сезонго даярдык көрүүнүн алкагында жыл аягына чейин ордо калаада 20 чакырымдан ашык кабель линиялары алмаштырылат жана калыбына келтирилет. 1970-жылдары тартылган кабелдер жаңыртылат. Бул иштер электр энергиясы менен камсыздоону 95 пайызга жакшыртып, жоготууларды кыскартат деп күтүлүүдө.

Жалал-Абад облусунда быйыл 5 ири энерго долбоор ишке ашырылат

Жалал-Абад облусунда быйыл 5 ири энерго долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Манас шаарында “Бакай” көмөк чордону курулса, “Төрөбаев”, “Кристалл” подстанциялары модернизациядан өтөт.   Ошондой эле Үч-Терек, Кербен бөлүмдөрүнүн административдик имараты курулуп, “Кристалл – Юлдуз” электр өткөрүү линиясын жаңылоо пландалууда.   Бул долбоорлор… Кененирээк…

Банктар “Камбар-Ата-1” ГЭСине каражат бөлүүгө даяр

“Камбар-Ата-1” ГЭСине Дүйнөлүк банк, Европа инвестициялык банкы жана Европа өнүктүрүү жана реконcтрукциялоо банкы каражат бөлүүгө даяр. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев билдирди.   Маалыматка ылайык, аталган банктар каражатты Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанга насыя катары берет.   Эске салсак, Энергетика министрлиги… Кененирээк…

Кыргызстанда жыл аягына чейин 3 подстанция ишке кирет

Кыргызстанда жыл аягына чейин 3 подстанция ишке кирет.   Энергетика министрлигинен билдиришкендей, объектилер Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашат.   Көмөк чордондордун курулушу өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын модернизациялоонун алкагында жүрүүдө. Жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү менен конуштарды, социалдык объектилерди жана ири өндүрүш ишканаларын сапаттуу электр энергия менен… Кененирээк…

Чүй облусунда “Манас-2” көмөк чордонунун курулушу башталды

Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, объект Сокулук районунун Ак-Жол айылында жайгашат.   Учурда бул аймакта турак жай массивдери, социалдык объекттер, ошондой эле чакан жана орто бизнес ишканалары курулуп жатат. Жаңы көмөк чордон кубаттуулук тартыштыгын жоюп, болжол менен үч миң абонентти электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.… Кененирээк…

Бишкекте электр тармактарын модернизациялоо боюнча масштабдуу иштер жүрүүдө

Бишкекте электр тармактарын модернизациялоо боюнча масштабдуу иштер жүрүүдө.   Энергетика министрлигинен билдиришкендей, программага 38 кошумча трансформатор орнотуу, Чыгыш, Батыш жана Түндүк РЭСтеринде 200дөн ашык мамы орнотуу, 40 миң чакырымдан ашык электр линияларын реконструкциялоо кирет.   Ошол эле учурда жогорку чыңалуудагы линияларды оңдоо, изоляторлорду алмаштыруу жана… Кененирээк…

Кемин районунда чакан ГЭС курулат

Кемин районунда чакан ГЭС курулат. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, объект Кичи-Кемин айылында жайгашат. Долбоор жеке инвестордун эсебинен курулат.   Жалпы баасы — 14 миллион долларды түзөт. Станциянын кубаттуулугу 7,5 МВт болот.

Ысык-Көл облусунда Григорьевка, Бактуу-Долоноту жана Жыргалаңда электр тармактары модернизациядан өтүүдө

Ысык-Көл облусунда Григорьевка, Бактуу-Долоноту жана Жыргалаңда электр тармактары модернизациядан өтүүдө. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, кубаттуулукту жогорулатуу боюнча иштер ШКУ саммитине жана туристтик сезонго карата жасалып жатат.   Энергетиктер эскилиги жеткен линияларды заманбап кабелдерге алмаштырып, кубаттуу трансформаторлорду орнотууда. Бул аймактагы электр энергия жетишсиздигин жоюуп, авариялык өчүрүүлөрдүн алдын… Кененирээк…

Үч-Коргон ГЭСинде №1 жана №2 гидроагрегаттарды реконструкциялоо иштери уланууда

Үч-Коргон ГЭСинде №1 жана №2 гидроагрегаттарды реконструкциялоо иштери уланууда.   Энергетика министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө жумуштун жалпы аткарылыш деңгээли 26,8 пайызды түздү.   Иштер бекитилген графикке ылайык, аткарылууда. Модернизациянын натыйжасында ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 216 МВтка жетет. Бул долбоор өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө жана инфраструктураны жаңылоого… Кененирээк…