Чүй облусунда 29 подстанцияда капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт

Чүй облусунда 29 подстанцияда капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт.   Энергетика министрлигинен билдиришкендей, андан тышкары, 126 подстанция жаңыртылып, 2 миң чакырымдан ашык электр өткөрүү линиялары калыбына келтирилет.   Иштер келе жаткан күзгү-кышкы сезонду ийгиликтүү өткөрүү жана керектөөчүлөргө сапаттуу электр энергиясын берүү максатында жасалууда.

Кыргызстанда энергетиктердин айлыгы 15%га чейин көтөрүлдү

Кыргызстанда энергетиктердин айлыгы 15%га чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев жергиликтүү телеканалардын бирине маек берип жатып билдирди.   Маалыматка ылайык, тармактын кызматкерлери ушул айдан тарта 10-15%га жогору маяна алышат. Министр кошумчалагандай, айлык акы жылдан-жылга көбөйөт.

Бишкекте «Атабаев» көмөкчордонун оңдоо иштери башталды

Бишкекте «Атабаев» көмөкчордонун оңдоо иштери башталды. Ордо калаанын электр тармактар ​​ишканасынан билдиришкендей, учурда жеринде жабдыктар алмаштырылып, башка керектүү иштер жүргүзүлүүдө.   Маалым болгондой, аталган жогорку вольттогу көмөкчордон 1983-жылы ишке киргизилген. Ал Кара-Жыгач, Төкөлдөш жана Көк-Жар конуштарын электр энергиясы менен камсыздайт.

Быйыл Чүй облусунда 29 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өтөт

2024-2025-жылдагы күз-кыш оңдоо иштеринин алкагында Чүй облусундагы 35/110/220/500 кВ кубаттуулуктагы 29 көмөк чордон капиталдык оңдоодон өтөт. Бул тууралуу Чүй электр тармактар ишканасынан билдиришти.   Маалыматка караганда, ошондой эле 35/110/220/500 кВ 126 даана көмөк чордонду жана 2 318 чакырым аба чубалгысын техникалык тейлөө иштери аткарылат. Бул… Кененирээк…

Бала-Саруу ГЭСинин үч агрегаты тең ушул жумада ишке кирет

Бала-Саруу ГЭСинин үч агрегаты тең ушул жумада ишке кирет. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.   Таластагы ГЭС Киров суу сактагычынын ушул кезге чейин пайдаланылбай келген ресурстарын эффективдүү колдонууга мүмкүнчүлүк берет деп күтүлүүдө.   Эске салсак, аталган суу сактагычтагы ГЭСтин кубаттуулугу 25 мегаватты түзөт.… Кененирээк…

Бишкекте 125 трансформатор оңдолот

Бишкекте 125 трансформатор оңдолот. Ордо калаанын электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, андан тышкары, 21 чакырым электр линиялары жаңыртылат.   Жылуулук сезонуна даярдыктын алкагында 17 трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылат. Бул максатта 700 метр жаңы кабель линиялары тартылат.

Бала-Саруу ГЭСинин үч агрегаты тең май айында ишке кирет

Бала-Саруу ГЭСинин үч агрегаты тең 17-майда ишке кирет. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.   Таластагы ГЭС Киров суу сактагычынын ушул кезге чейин пайдаланылбай келген ресурстарын эффективдүү колдонууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.   Эске салсак, Киров суу сактагычындагы ГЭСтин кубаттуулугу 25 мегаватты түзөт. Ал… Кененирээк…

Токтогул ГЭСинде модернизациялоонун алкагында №1 гидроагрегатты демонтаждоо иштери жүрүүдө

Токтогул ГЭСинде модернизациялоонун алкагында №1 гидроагрегатты демонтаждоо иштери жүрүүдө.   Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Станциядагы бардык жумуштар калкты күзгү-кышкы мезгилде үзгүлтүксүз электр энергиясы менен касыздоо үчүн жасалып жатат.   Реконструкция иштери ийгиликтүү жыйынтыкталгандан кийин жана №1 гидроагрегат ишке киргенден кийин Токтогулдун кубаттуулугу 60 мегаваттка… Кененирээк…

Кыргызстанда 340 миңден ашык “акылдуу” эсептегич орнотулду

Кыргызстанда 340 миңден ашык “акылдуу” эсептегич орнотулду.   Бул тууралуу Улуттук электр тармактары ишканасынан билдиришти. Шаймандар Жалал-Абад, Талас, Баткен шаарларында жана Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарында пайда болду.   Калган абоненттерге “акылдуу” эсептегичтер июлдун аягына чейин орнотулат. “акылдуу” эсептегичтер электр энергиясы үчүн карызы  бар абоненттерди аралыктан… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясы кымбаттайт

Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясы кымбаттайт. Бул тууралуу Энергетика министрлиги эскертет. Маалыматка ылайык, эми калк үчүн бир киловатт-саат 11 тыйынга кымбаттап, 1 сом 11 тыйынды түзөт. 700 киловатт-сааттан жогору колдонулган учурда 2 сом 39 тыйын болот.   Аз камсыздандырылган үй-бүлөлөр үчүн 5 тыйынга кымбаттап, 55… Кененирээк…