Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7,2 миллиард кубометрди түздү

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7,2 миллиард кубометрди түздү. Бул тууралуу “Электр станцияларынын” басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 283 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 240 куб метрди түзүүдө.   Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.

Кыргызстан менен Россиянын энергетика министрлери меморандумга кол коюшту

Кыргызстан менен Россиянын энергетика министрлери кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.   Билдирүүгө ылайык, Таалайбек Ибраев менен Николай Шульгинов кол койгон документ «Чалдовар» жылуулук электр станциясынын курулуш долбоору боюнча кызматташууну камтыйт. Ошондой эле эки өлкөнүн энергетика тармагындагы уюмдарынын өз ара кызматташуусуна… Кененирээк…

Бишкек ЖЭБинин эки блогун оңдоо иштерин кытайлык компания жүргүзөт

Бишкек ЖЭБинин эки блогун оңдоо иштерин кытайлык компания жүргүзөт. Энергетика министри Таалайбек Ибраев менен ТВЕА компаниясынын төрагасы Чжан Син жолугушту.   Алар ЖЭБдин модернизацияланган бөлүгүндө электр жана жылуулук энергиясын долбоордук деңгээлге чейин жогорулатуу маселесин талкуулашкан. Ошондой эле алар ТВЕА ишканасы өз адистерин жылуулук-энерго борбордун кызматкерлерин… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда бул жылы 3 жаңы подстанция курулат

Жалал-Абад облусунда бул жылы 3 жаңы подстанция курулат. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, эки объект Аксы районунун Дейрес жана Жерге-Тал айылдарында салынып, 35 жана 110 киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт.   Үчүнчү подстанция Сузак районунун Жаңы-Дыйкан айылында пайда болот. Андан тышкары, “Төрөбаев” көмөк чордонунда кубаттуулук жогорулатылат. Бул… Кененирээк…

Бишкекте жогорку чыңалуудагы “Ак Кула” подстанциясын куруу пландалууда

Бишкекте жогорку чыңалуудагы “Ак Кула” подстанциясын куруу пландалууда. Ордо калаанын электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, курулуш иштери апрелде башталат.   Мэрия тарабынан “Ак Кула” ат майданынын жанынан жер тилкеси бөлүндү. Учурда инженердик-техникалык документация жүргүзүлүүдө. Подстанциянын кубаттуулугу 110 киловатт-саатты түзөт.

Кара-Сууда 8 даана жаңы трансформатор орнотулат

  “Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы – Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Суу РЭТинде 2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилдерине карата даярдык көрүү максатында ремонттук иштер аткарылып жатат.   Энергетика министрлигинен кабарлашкандай, учурда Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн Стант айылында ТП-1012 трансфоматор утурумдук оңдоодон өткөрүлүүдө. Жыл сайын өткөрүлүүчү утурумдук, капиталдык… Кененирээк…

Токтогул ГЭСинде  №1 гидроагрегатты оңдоо иштери уланууда

Токтогул ГЭСинде  №1 гидроагрегатты оңдоо иштери уланууда. Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, 20 күндө чоң көлөмдөгү иштер бүткөрүлдү.   Реконструкциялоо жумуштары аяктагандан кийин гидроагрегаттын кубаттуулугу 60 мегаваттка көбөйөрү күтүлүүдө. План боюнча келерки күз-кыш мезгилине чейин бардык иштер бүткөрүлүп, калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо убада кылынууда.

Кыргызстан быйыл 3,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттоону пландап жатат

Кыргызстан быйыл 3,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттоону пландап жатат. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Байгазиев билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы өлкө дээрлик ушундай эле көлөмдөгү электр кубатын Түркмөнстан, Россия жана Казакстандан сатып алынган.   Учурда дагы аталган өлкөлөр менен импорт боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө, —… Кененирээк…

Энерго объектилерди кийинки күзгү-кышкы сезонго даярдоо Талас облусунда башталды

Энерго объектилерди кийинки күзгү-кышкы сезонго даярдоо Талас облусунда башталды. Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, аймакта трансформаторлор жана электр өткөрүү линиялары жаңыртылат.   Андан тышкары, айрым мамыларды алмаштырып, 3 кошумча подстанция куруу пландалууда. Бул иштер авариялык өчүрүүлөрдү алдын алып, электр энергиясын берүүнүн сапатын жакшыртат.

Токтогулдагы суунун агып кириши керектөөгө караганда көбөйдү

Токтогулдагы суунун агып кириши керектөөгө караганда көбөйдү. “Электр станциялары” ишканасынан билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата башкы резервуардагы суунун көлөмү 7 млрд 207 млн куб метрди түздү.   Суунун агып келиши секундасына 297 куб метрди түзсө, керектөө секундасына 189 куб метрди түзүүдө. Бирок буга карабай электр энергиясын… Кененирээк…