Санжар Муканбетов Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору болуп дайындалды

Санжар Муканбетов президентке караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгону 6-майда расмий кабарланды.   Муканбетов былтыр декабрдын соңунан бери Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы — Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысынын… Кененирээк…

Рамиз Алиев Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды

Рамиз Алиев Бишкектин мэринин орун басары болуп дайындалды. Буйрукка калаа башчысы Айбек Жунушалиев кол койгону 6-майда расмий кабарланды. Анын дагы бир буйругу менен мурдагы орун басары Жыргалбек Шамыралиев өз ырызы менен кызматтан бошотулду.   Рамиз Алиев буга чейин «Тазалык» ишканасын башкарган. Ал мекеменин ишмердиги тууралуу… Кененирээк…

Ички иштер органдарынын жетекчилик курамында жаңы дайындоолор болду

Ички иштер органдарынын жетекчилик курамында жаңы дайындоолор болду, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы. ИИМдин буйругуна ылайык төмөндөгү кызматкерлер жаңы кызмат ордуна дайындалышты:   — ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы Каныбек Абдырахманов ээлеген кызматынан бошотулуп, Чүй ОИИББнын башчысы кызматына дайындалды.   — ИИМдин Кылмыш… Кененирээк…

Назарбек Малаев кайрадан экономика министрине орун басар болду

Назарбек Малаев экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   Жаңы дайындалган министрдин орун басары бүгүн эмгек жамаатына тааныштырылды.   Назарбек Малаев буга чейин да экономика министринин орун басары болуп иштеген жана бул кызматтан 2023-жылы ноябрда… Кененирээк…

Кудрет Тайчабаров Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондуна жетекчи болду

Кудрет Тайчабаров Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти болуп дайындалды. Маалыматты аталган фонддон тастыкташты. Кудрет Тайчабаров 2020-жылы ноябрда «Бишкек» эркин экономикалык аймагына жетекчи болгон. 2023-жылы январда өз арызы менен кызматтан кеткенин билдирген.   Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондун 2023-жылдын июль айынан бери Абылкасым Шерниязов жетектеди.   Фонддун биринчи… Кененирээк…

Алмазбек Сокеев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды

Алмазбек Сокеев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды. Муну менен катар ал Суу ресурстары кызматынын директорунун милдетин аткарат.   Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Белгилеп кетсек, бүгүн аталган министрликте жетекчинин 3 орун басары… Кененирээк…

Мамлекеттик тил комиссиясын Мелис Мураталиев жетектейт

Мамлекеттик тил комиссиясын Мелис Мураталиев жетектейт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Мураталиев коомчулукка кыргыз таануучу катары белгилүү.   Ал эми мамлекеттик тил комиссиясын 2022-жылдан бери башкарып келе жаткан Каныбек Осмоналиев кызматынан бошотулду.

Азамат Карагулов Кыргызстандын Кувейттеги элчиси кызматынан бошотулду

Азамат Карагулов Кыргызстандын Кувейттеги элчиси кызматынан бошотулду, деп билдирет президенттин маалымат кызматы.   «Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Карагулов Азамат Омарбаевич Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду, — деп айтылат маалыматта.

Данияр Арпачиев президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлүнүн биринчи орун басары болду

Арпачиев Данияр Карагулович президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды.   Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын директору болуп Сүйүнбай Алиев дайындалды

“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын директору болуп Сүйүнбай Алиев дайындалды.   Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, буга чейин бул кызматты ээлеп келген Гүлмира Шакирова иштен бошотулду.   Белгилеп кетсек, “Кыргызфармация” – өлкөдөгү дары-дармекти жеткирүүчү негизги орган болуп эсептелет. Ал өткөн жылдын март айында түзүлгөн.