Бишкек мэриясында кадрдык орун алмашуулар

Бишкек мэриясында кадрдык орун алмашуулар. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, борбордук аппараттын социалдык өнүгүү бөлүм башчысы  Майрам Мамбетова эми социалдык өнүгүү башкармалыгын жетектейт.   Анын ордуна буга чейин капиталдык курулуш башкармалыгында иштеген Ренат Айтымбетов келди. Тиешелүү буйруктарга мэр Азиз Суракматов кол койду.

Балыкчы шаарынын мэри Марат Кудайбергенов өз каалоосу менен кызматтан кетти

Балыкчы шаарынын мэри Марат Кудайбергенов өз каалоосу менен кызматтан кетти.   Буйрукка өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. 25 жаштагы Кудайбергенов аталган калааны 2019-жылдын май айында жетектеп баштаган.

Кара-Суу шаарынын мэри кызматтан кетти

Кара-Суу шаарынын мэри кызматтан кетти. “Азаттыктын” маалыматына ылайык, Кутугали Козубаев үй-булөлүк шартына байланыштуу, иштен кетүү бонча арыз жазды. Ал бул кызматты 2017-жылдан бери аркалап келген.   Кара-Суу шаарынын башчысынын милдетин вице-мэр Шавкат Осмоналиев аткарып турат.

“Электр станциялары” компаниясынын жетекчиси алмашты

“Электр станциялары” компаниясынын жетекчиси алмашты. Директорлор кеңешинин чечими менен Жолдошбек Ачикеев ишкананын башкы директору болуп дайындалды. Мурдагы жетекчи Таалайбек Толубаев кызматтан өз каалоосу менен кеткен.   Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады. Жолдошбек Ачикеев буга чейин Улуттук электр станциялары ишканасында жетекчилик кызматтарда… Кененирээк…

“Унаа” мамлекеттик ишканасын эми Марат Пирназаров жетектейт

“Унаа” мамлекеттик ишканасын эми Марат Пирназаров жетектейт. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 39 жаштагы Пирназаров буга чейин Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу мамлекеттик кызматын жетектеген.   Ошондой эле, ал Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун кеңешчиси болчу. Эске салсак, мамлекеттик ишкананын буга чейинки… Кененирээк…

Мырзабек Жыпаркулов Мамлекеттик экотехинспекциянын директору болуп дайындалды

Мырзабек Жыпаркулов Мамлекеттик экотехинспекциянын директору болуп дайындалды. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.   Инспекциянын буга чейинки жетекчиси Жолдошбек Жунушев ээлеген кызматынан бошотулду.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жаңы төрагасы болуп Акын Мамбеталиев дайындалды

Мамлекеттик каттоо кызматынын жаңы төрагасы болуп Акын Мамбеталиев дайындалды. Жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 34 жаштагы Мамбеталиев буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын, “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.   Эске салсак, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алмаз Мамбетов өкмөт башчынын буйругу менен кызматынан… Кененирээк…

Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова кызматтан бошотулду

Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова кызматтан бошотулду. Бул тууралуу мэрия аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди. Анын айтымында, башкармалыкты Мейрманованын орун басары Наталья Никифорова убактылуу жетектеп турат.   Ал эми жаңы жетекчи сынактын негизинде тандалат.  Эске салсак, буга чейин Балбак Түлөбаев Билим берүү башкармалыгын Мейрманова… Кененирээк…

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Унаа” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алымжан Козубаевди кызматтан бошотту

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Унаа” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алымжан Козубаевди кызматтан бошотту. Өкмөт аппаратынан билдиришкендей, буга Коопсуздук кеңешинин берген сунуштары себеп болду.   Анын маалыматына ылайык, 2018-19-жылдары “Унаа” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине карата 100дөн ашык иш козголгон. Анын ичинде ведомство жетекчиси Алымжан Козубаев дагы бар.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов иштен алынды

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов иштен алынды. Бул тууралуу маалыматты өкмөт аппаратынан тастыкташты. Азырынча чиновниктин кызматтан кетүү себеби айтыла элек.   Эске салсак, Алмаз Мамбетов Мамлекеттик каттоо кызматын былтыр апрель айында эле жетектеп баштаган.