Айгүл Рыскулова  КМШнын экономикалык маселелер боюнча комиссиясына Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Айгүл Рыскулова  КМШнын экономикалык маселелер боюнча комиссиясына Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка Сооронбай Жээнбеков кол койду.

 

Дагы бир жарлыгы менен өлкө башчы буга чейин аталган кызматты аркалап келген Зина Асанкожоеваны жумуштан бошотту.

 

Белгилеп кетсек, Айгүл Рыскулова буга чейин Бишкектин вице-мэри болуп эмгектенген.