Баткен облусунда 70 обьекттин курулушу жүрүүдө

Баткен облусунда 70 обьекттин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка караганда, курулуштун басымдуу бөлүгү мектеп, бала бакча курууга багытталган. Андан тышкары 9 саламаттыкты сактоо мекемеси, 4 таза суу, 3 турак жай башка объекттер бар. Жыл аягына чейин дагы 6 объекттин пайдаланууга… Кененирээк…

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында 140 орундуу бала бакча курулду

Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталында 140 орундуу бала бакча курулду. Бул тууралуу Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынан билиришти. Маалыматка караганда, 2 кабаттуу мектепке чейинки тарбиялоо имаратынын курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 45 миллион сом сарпталды. Учурда курулуш иштердин соңку этабы уланууда, жакынкы арада бала бакча пайдаланууга берилет.

Кара-Буура районунда унаа бекетти оңдоп-түзөө иштери 90 пайызга аяктады

Кара-Буура районунда унаа бекетти оңдоп-түзөө иштери 90 пайызга аяктады. Бул маалыматты Кара-Буура айыл өкмөт башчысы Арген Бекболотов тастыктайт. Анын айтымында, райондун кире беришиндеги унаа бекетти оңдоо иштерине жергиликтүү демөөрчүлөрдөн, Талас облусун өнүктүрүү фондунан жана айыл өкмөттүн бюджетинен жалпы 2 миллиондон ашык каражат топтолду.

Нарында 100 мегаваттык ГЭС куруу пландалууда

Нарында 100 мегаваттык ГЭС куруу пландалууда. Бул тууралуу аймактык башкармалыктан билдиришти. Ага ылайык, станция Нарын дарыясынын жанындагы Куланак айылында жайгашат. Жаңы курула турган ГЭС Ат-Башы суу электр станциясынан 2,5 эсе кубаттуу болоору күтүлүүдө. Учурда бул жерде геологиялык изилдөөлөр жүрүп жатат. Курулуш иштери кийинки жылдын жазында… Кененирээк…