Кыргызстанда 12 өткөрмө пунктмодернизациядан өттү

Россиянын техникалык көмөк көрсөтүүсү менен 14 өткөрмө пункттун ичинен 12си модернизациядан өттү. Ага 142 жарым миллион доллар сарпталды. Бул тууралуу жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди. Анын айтымында, «Торугарт», «Эркештам», «Карамык», «Кызыл-Бел», «Кайрагач» жана «Кызыл-Кыя» өткөрмө пункттарын техникалык жабдуу аяктады. Ошондой эл 2020-жылдын аягына чейин «Достук»,… Кененирээк…

2020-жылы Бишкек шаардык эсептен 40 чакырым жол оңдолот

2020-жылы Бишкек шаардык эсептен 40 чакырым жол оңдолот. Бул тууралуу Бишкек асфальт сервис ишканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, жалпы 40 чакырым жол капиталдык оңдоодон өтүп, ар бир районго 10 чакырымдан туура келет. Буга шаардык бюджеттен 350 миллион сом каралууда. Кошумчаласак, кийинки жылы Кытайдын эсебинен Бишкекте 70 чакырымдан ашык… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Спорт сарай курулду

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Спорт сарай курулду. “Турмуш” басылмасы билдиргендей, объектинин курулуш иштери 2009-жылы башталып, процесс учурунда токтоп, кийин кайра жанданган. Ал эми проектини ишке ашырууга жалпысынан 63 миллион сомдон ашык каражат сарпталган. Белгилеп кетсек, Ноокен районунда алгачкы ирет спорт сайрай ачылды.

Жети-Өгүз районунундагы мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат

Жети-Өгүз районунун Тамга айылындагы мектеп 1 миллион 240 миң сомго капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Бул тууралуу айыл аймактык башчы Адилет Дүйшенбиев билдирди. Анын айтымында, курулуш иштердин каражаты дем берүүчү гранттын эсебинен бөлүндү. Учурда иштердин 90 пайызы аяктап калды. Ошондой эле билим берүү мекемесинин алдына 900… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борбору жазында ишке берилет

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борбору жазында ишке берилет. Учурда курулуш иштердин 80 пайызы аяктап калды. Медициналык мекеменин курулуш иштерине Эл аралык кайрымдуулук фонду тарабынан 18 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми имаратты куруу иштери ушул жылдын июль айында башталган.

Токмоктун маданият үйү 10 миллион сомго капиталдык оңдоодон өтөт

Токмоктун маданият үйү 10 миллион сомго капиталдык оңдоодон өтөт. Бул тууралуу Чүй облустук өнүктүрүү фондунан билдиришти. Маалыматка караганда, жалпы сумманын 4 жарым миллион сому мэриянын бюджетинен бөлүнөт. Калган 5 жарым миллион сому Чүй облустук өнүктүрүү фондунан берилди, дешти уюмдан.

«Бишкек-Ош» жолунун 110-115-чакырымында альтернативдик туннель куруу каралууда

«Бишкек-Ош» жолунун 110-115-чакырымында альтернативдик туннель куруу каралууда. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди. Анын айтымында, туннелдин сметалык баасы 250 миллион долларды түзөт. Туннелдин узундугу 11 чакырым болуп, ал өзүн 15 жылда актайт, учурда анын техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууда», — деди Бердалиев. Маалым болгондой, альтернативдик туннель… Кененирээк…

Сүлүктү шаарында газ чыккан көмүр шахтага тосмолор орнотулду

Сүлүктү шаарында газ чыккан көмүр шахтага тосмолор орнотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, тосмо орнотуу иштерине 11 куткаруучу тартылды. Эске салсак, 10-декабрда аталган шахтада 4 адам газга ууланып каза болгон. Куткаруучулар 215 метр тереңдиктен ууланган жумушчуларды алып чыгып, туугандарына алардын сөөгүн тапшырып… Кененирээк…

Москва районунда 4 жарым чакырым жерге суу түтүктөрү орнотулду

Москва районунда 4 жарым чакырым жерге суу түтүктөрү орнотулду. Жаңы системаны пайдаланууга берүү ачылыш аземи Темен-Суу айылында өттү. Бул иштер райондогу 7 айылдагы калкты таза суу менен камсыз кылуу жумуштары аркылуу ишке ашууда. Ал эми жашоочулардын саны 9 миң 498ди түзөт. Курулуш иштерине демөөрчүлөр, айыл… Кененирээк…

Лейлек районунда 275 орундуу мектеп курула баштады

Лейлек районунда 275 орундуу мектеп курула баштады Жаңы имараттын капсула салуу аземи Гөлбө айылында өттү. 2 кабаттуу билим берүү мекемесинин сметалык баасы 931 миң долларды түзөт. Белгилеп кетсек, балдар окуган эски мектеп 1975-жылы салынып эскилиги жеткен. Ал эми жаңы мектеп кийинки окуу жылында пайдаланууга берилээри… Кененирээк…