Ноокенде эки социалдык объект пайдаланууга берилди

Ноокен районунун Бөбүй айылында жаңы салынган ФАПтын имараты жана Кагазды айылында №38 Аким Тургунбаев атындагы орто мектебине кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.   Социалдык объекстилерди пайдаланууга берүү иш-чарасына райондун акими Таалайбек Ишенбеков, биринчи орун басары Жайнак Немат уулу, жергиликтүү бийлик… Кененирээк…

Чолпон-Атадагы балдардын реабилитациялык борборунун курулушу аяктоо алдында турат

Чолпон-Ата шаарындагы Ибн Сина атындагы балдардын Республикалык реабилитациялык борборунун имаратын куруу иштери жакында аяктап, пайдаланууга берилет.   Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды. «Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, аталган реабилитациялык борбор үчүн заман талабына жооп берген жана баардык керектүү… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жаңы бала бакча пайда болот

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жаңы бала бакча пайда болот. 100 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемеси Курбу айылында жайгашат.   Тендерди жергиликтүү курулуш башкармалыгы жарыялады. Долбоордун сметалык наркы 86 миллион 650 миң сомду түзөт.

Бардык курулуш компаниялары 1-майга чейин объектилеринде коопсуздукту камсыздашы керек

Бардык курулуш компаниялары 1-майга чейин объектилеринде коопсуздукту камсыздашы керек.   Мамлекеттик курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба агенттигинен билдиришкендей, фирмалар курулуш аянттарынын айланасынан жарандардын коопсуз  өтүшүн уюштурууга өзгөчө көңүл бурушу шарт.   Андан тышкары, адамдар өтүүчү жер коргоочу чатыр менен корголуп, тосулушу керек. Бул талаптардын бузулушу… Кененирээк…

Баткенде туристтер үчүн панорамалык аймак түзүлөт

Баткенде туристтер үчүн панорамалык аймак түзүлөт. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, долбоор Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагында жайгашат.   Анын эскизи даяр болду. Чет элдик жана жергиликтүү туристтер үчүн панорамалык аймак көрктөндүрүлүп, эс алууга бардык шарттар түзүлөт.

Оштун  Мээркан айылында жаңы мектеп курулууда

Оштун  Мээркан айылында жаңы мектеп курулууда. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, имарат №34 мектептин жаңы корпусу катары ачылат.   Ал  225 орундуу болуп, спорт зал, ашкана, откана жана суу сактоочу кампа каралган.

Президент Садыр Жапаров “Аккула” жаңы ипподромунун курулушуна капсула салды

Президент Садыр Жапаров “Аккула” жаңы ипподромунун курулушуна капсула салды. Өлкө башчы администрациясынан билдиришкендей, объект Бишкектин батыш тарабында орун алат.   Жаңы ат майдан көк-бөрү оюндарында 10 миң көрүүчүгө ылайыкташса, башкы аренасы 20 миң орундуктан турат. Имаратта соода борбору, мейманкана, дүкөн, кафе жана башка объектилер каралат.

Ысык-Көл облусунун Фрунзе айылында жаңы мектеп пайда болот

Ысык-Көл облусунун Фрунзе айылында жаңы мектеп пайда болот.   Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, билим берүү мекемеси  225 окуучуга чакталат.   Курулушка 126,5 миллион сом жумшалат деп пландалууда. Аткаруучу компаниялардан арыздарды кабыл алуу башталды.

Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына кошумча корпус курулат

Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына кошумча корпус курулат.   Бул максатта Катар  өнүктүрүү фонду 9,3 миллион доллар бөлүп бериши мүмкүн, — деп билдиришти Тышкы иштер министрлигинен.   Маалыматка ылайык, курулуш долбоору Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев менен Катар өнүктүрүү фондунун башкы аткаруучу директору Халифа… Кененирээк…

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Баткендеги филиалынын курулушу июль айында аяктайт

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Баткендеги филиалынын курулушу июль айында аяктайт. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясы билдирди. Иса Ахунбаев атындагы академиянын көп тармактуу окуу-дарылоо мекемесинин курулушуна  603,5 миллион сом багытталган.   Окуу корпусунан тышкары жатакана дагы салынып жатат. Ага жеке ишкерлер 93 миллион сом бөлгөн.  … Кененирээк…