Быйыл Бишкекке 7 мектеп куруу пландалууда

Быйыл Бишкекке 7 мектеп куруу пландалууда. Бул тууралуу капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Болотбек Апилов билдирди. Анын айтымында, билим берүү мекемелери Алтын-Ордо, Мура-Ордо, Ак-Босого, Рухий-Мурас, Көлмө, Ак-Бата жана Ак-Өргө конуштарында пайда болот. Курулуш иштеринин аякташы менен ордо калаада 3 миңден ашык окуучу жаңы мектептерде билим алууга… Кененирээк…

Бишкекте дагы 4 мектеп карантинге жабылды

Бишкекте дагы 4 мектеп карантинге жабылды. Жалпысынан 24 билим берүү мекемеси аралыктан иштеп жатат. Мэриядан билдиришкендей, онлайн форматта иштеп жаткан мектептер ордо калаанын бардык райондоруна тиешелүү. Муну менен катар аймактарда 80ге жакын класстын окуучуларына аралыктан билим берилүүдө. Белгилеп кетсек, буга чейин бир окуучудан коронавирус аныкталса… Кененирээк…

Бишкектеги №62 мектеп-гимназиясы карантинге жабылды

Бишкектеги №62 мектеп-гимназиясы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун нускамасына ылайык карантинге жабылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ата-энелердин бири кабарлады. Анын айтымында, балдар арасында коронавирус жуктурган 3 учур аныкталган. “Балдар болжол менен 31-январдан тарта мектепке бара баштары айтылды”, — деди ал.

Бишкектеги мектептерди онлайн окутууга өткөрүү эпидемиологиялык абалга жараша чечилет

Бишкектеги мектептерди онлайн окутууга өткөрүү эпидемиологиялык абалга жараша чечилет. Вице-мэр Виктория Мозгачеванын айтымында, учурда калаа бийлиги массалык иш-чараларды уюштурбай, жыйындарды онлайн-форматта өткөрүүнү сунуштап жатат. Мектептердеги эпидемиологиялык кырдаалга көз салынууда. Ооругандар көп болсо чара көрүлөт, — деп кошумчалады Мозгачева. Белгилеп кетсек, өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну башталды.… Кененирээк…

Кыргызстанда 30 мектеп оңдоп-түзөөдөн өтөт

Кыргызстанда 30 мектеп оңдоп-түзөөдөн өтөт. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, иштер Дүйнөлүк банк каржылаган долбоордун алкагында аткарылат. Ведомстводон белгилешкендей, 14 авариялык абалдагы мектеп түрттүрүлүп, жаңыдан салынат. Калган мекемелерди бардык талаптарга жооп бере тургандай капиталдык ремонттон өткөрүү пландалууда. Учурда калыбына келтирүү боюнча долбоордун документтерин даярдоо иштери… Кененирээк…

Арча-Бешик конушундагы мектептин курулушу аяктоо алдында

Арча-Бешик конушундагы мектептин курулушу аяктоо алдында. Мэриянын маалыматына ылайык, билим берүү мекемеси 2 кабаттан турат жана ал 500 орунга ылайык. Учурда ички жана тышкы жасалгалоо жумуштары жүрүп жатат. Долбоордун курулушуна каражат Сауд Арабия менен Кыргызстан ортосундагы макулдашылган насыядан берилет. Имаратты апрелде пайдаланууга берүү пландалууда.

Нарын районунун Эмгек-Талаа айылында жаңы мектеп ачылды

Нарын районунун Эмгек-Талаа айылында жаңы мектеп ачылды. Керимбай уулу Сарыбай атындагы билим берүү мекемеси 225 окуучуга чакталды, — деп билдиришти архитектура жана курулуш агенттигинен. Жаңы мектеп 2 кабаттуу жана анда окуу класстарынан тышкары ашкана, спорттук зал, өтмө галерея бар. Долбоорду ишке ашырууга 34 миллион сом… Кененирээк…

Ош шаарында Чолпонбай Түлөбердиев атындагы жаңы мектеп ачылды

Ош шаарында Чолпонбай Түлөбердиев атындагы жаңы мектеп ачылды. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, объект 375 окуучуга ылайык билим берүү мекемесинде окуу класстарынан тышкары, машыгуу, конфенренция, жыйындар жана спорт залдары, китепкана, ашкана жана медициналык кабинет бар. Курулуш иштерине каражатты Сауд өнүктүрүү фонду бөлүп берди.

Кыргызстан мектептеринде 3-чейрек 12-январда башталат

Кыргызстан мектептеринде 3-чейрек 12-январда башталат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, окуучулардын кышкы эс алуусу 31-декабрдан 11-январга чейин созулат. Муну менен балдардын каникулу 12 күнгө созулат. Эске салсак, республикада быйылкы окуу жылы 15-сентябрда башталды. Андан улам, жылда салтка айланган каникул күндөрү да жылдырылууда.

Баткен районунун Кызыл-Бел айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Баткен районунун Кызыл-Бел айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Райондук администрациядан билдиришкендей, Масалиев атындагы билим берүү мекемеси 275 орунга чакталды жана анда окуучулар үчүн бардык шарттар түзүлүп, керектүү эмерек, жабдуулар менен камсыздалды. Эске салсак, буга чейин Баткендеги 8 социалдык объекттин курулушуна жана ондоп-түзөө иштерине республикалык бюджеттен… Кененирээк…