Бишкектеги мектептерди онлайн окутууга өткөрүү эпидемиологиялык абалга жараша чечилет.
Вице-мэр Виктория Мозгачеванын айтымында, учурда калаа бийлиги массалык иш-чараларды
уюштурбай, жыйындарды онлайн-форматта өткөрүүнү сунуштап жатат. Мектептердеги
эпидемиологиялык кырдаалга көз салынууда. Ооругандар көп болсо чара көрүлөт, — деп
кошумчалады Мозгачева. Белгилеп кетсек, өлкөдө коронавирустун төртүнчү толкуну
башталды. Акыркы суткада инфекцияны 742 киши жуктурса, анын 632си Бишкекте.