Бир мандаттуу №29 Свердлов округунда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт

Бир мандаттуу №29 Свердлов округунда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, аталган округда шайлоо өткөрүү 30-июнга дайындалды.   Эске салсак, Бишкектин административдик соту Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызынын негизинде бул округдан парламентке депутат болгон Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Шайлоодо баштапкы эсеп… Кененирээк…

Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү алмашты

Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү алмашты. Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Нурлан Айтмурзаев ээлеген кызмат ордунан бошотулду.   Мамлекет башчы кол койгон башка жарлыктын негизинде Динара Кемелова Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу… Кененирээк…

Малайзиянын премьер-министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды. Сапардын алкагында жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылган. Анын жүрүшүндө кыргыз-малайзия мамилелеринин саясий, соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда ар тараптуу… Кененирээк…

Жамалбек Ырсалиев Бишкек мэринин орун басары болуп дайындалды

Жамалбек Ырсалиев Бишкек шаарынын мэринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.   Буга чейин Жамалбек Ырсалиев «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын директору болуп иштеген.

«Бишкекжашылкурулуш» ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

Бишкек мэриясынын «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын директору болуп Адилет Билимбек уулу дайындалды. Жаңы жетекчини ишкананын кызматкерлерине Бишкек мэринин орун басары Рамиз Алиев тааныштырды.   Тиешелүү чечим Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан кабыл алынды.

Кыргызстанга Малайзиянын премьер-министри расмий сапар менен келет

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим 15-16-майда расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.   “Бул сапар Малайзиянын премьер-министринин Борбор Азия боюнча сапарынын алкагында өтөт, биринчи барган өлкө – Кыргызстан болот. Сапардын жүрүшүндө жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушуулар… Кененирээк…

Катарда кыргыз жарандары үчүн виза режимин жөнөкөйлөтүү маселеси талкууланды

Катарда кыргыз жарандары үчүн виза режимин жөнөкөйлөтүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Маалыматка караганда, Кыргызстандын элчиси Марат Нуралиев Катардын ички иштер министри шейх Абдулазиз бин Файсал Аль Тани менен жолугушту. Анын алкагында эмгек мигранттарынын жүрүү шарттары, ошондой эле Кыргызстандын жарандары үчүн… Кененирээк…

Бишкек «Тазалык» ишканасына жаңы директор дайындалды

Жолдош Чуштуков «Тазалык» ишканасынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.   Бүгүн, 8-майда Бишкек мэринин орун басары Рамиз Алиев «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине жаңы жетекчинин тааныштырды.

Прагада Кыргызстандын ардактуу консулдугу расмий ачылды

Прага шаарында Кыргызстандын Чехиядагы ардактуу консулдугунун ачылышына арналган расмий иш-чара өттү. ТИМден билдиришкендей, ага Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков, Чехия парламентинин депутаттар палатасынын вице-спикери Ян Бартошек, Тышкы иштер министрлигинин, Чехиянын башка мамлекеттик органдарынын расмий өкүлдөрү, Казакстандын, Түркиянын жана Азербайжандын Чехиядагы элчилери, ошондой эле Чехияда жашаган… Кененирээк…

Депутаттарды шайлоодо үгүтчүлөрдүн санын кыскартуу сунушталды

Депутаттарды шайлоодо үгүтчүлөрдүн санын кыскартуу сунушталды. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети тиешелүү документти биринчи окууда жактырды.   Мыйзамга өзгөртүүгө ылайык, саясий партияларга 5 миңден, бир мандаттуу шайлоо округдан талапкерлерге 100 адамдан ашпаган үгүтчү алууга уруксат берилет. Учурдагы мыйзам… Кененирээк…