Владимир Путин кайрадан президенттикке аттана алат

Владимир Путин кайрадан президенттикке аттана алат. Мамлекеттик Дума Россиянын Конституциясына киргизилген жаңы өзгөртүүлөрдү жактырды. Бекитилген өзгөртүүлөргө ылайык, Путин бийлик башында 2036-жылга чейин кала алат.   Ал үчүн ал 2024-жылкы шайлоодо жеңип, алты жылга шайланышы керек. Белгилеп кетсек, 67 жаштагы Путиндин бийликке келгенине 20 жыл болду.

3 өлкө элчилигине нота тапшырылды

3 өлкө элчилигине нота тапшырылды. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркмөнстан, Азербайжан жана Россиянын дипломатиялык миссиянын башчыларына т иешелүү документти жиберди. Анда Ирандагы кыргызстандык айдоочулардын өлкөгө Түркмөнстан менен Азербайжандын аймагы аркылуу транзит менен өтүү маселеси каралды. Эске салсак, Иран-Азербайжан жана Иран-Түркмөн чек арасында 54 кыргызстандык айдоочу… Кененирээк…

Кыргызстанда үч судья мөөнөтүнөн мурда иштен алынды

Кыргызстанда үч судья мөөнөтүнөн мурда иштен алынды. Бул тууралуу президент аппаратынын маалымат кызматынан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду. Берген арызына ылайык, Чүй облусунун Сокулук райондук, Ош жана Нарын шаарларынын сотторунун судьялары иштен бошотулду.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу дагы бир штаб түзүлдү

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу дагы бир штаб түзүлдү. Өкмөттүн аппараттык маалымат кызматынан билдиришкендей, аталган штаб вирустун жайылышы боюнча кырдаалга байланыштуу тышкы таасирлердин кесепетин азайтууга жана экономикалык иш-чараларды өткөрүүгө багытталган. Анда өкмөттүн дээрлик толук курамы, фискалдык органдар, Бишкек, Ош шаарларынын жетекчилери мүчө болушту. Кошумчаласак, Коронавирус күч алганына… Кененирээк…

Кыргызстан жана Россиянын кайчылаш жылынын ачылышы эртең Москвада өтөт

Кыргызстан жана Россиянын кайчылаш жылынын ачылышы эртең, Москвада өтөт. Өлкө башчы аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдиргендей, иш-чарага эки өлкө президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин катышат. Кайчылаш жылдын алкагында маанилүү чөйрөлөрдө 200дөн ашык иш-чара өткөрүү пландалды. Эске салсак, макулдашууга былтыр Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон… Кененирээк…

Депутаттар Жогорку соттун судьясын иштен бошотууга макулдугун беришти

Депутаттар Жогорку соттун судьясы Нургүл Сатыбалдиеваны иштен бошотууга макулдугун беришти. Жалпы жыйындын күн тартибинде 100 депутаттын 78и макул болушту. Кошумчаласак, Сатыбалдиева өз каалоосу менен иштен бошотууга арыз жазган. Жогорку сотко чейин ал Бишкек шаардык сотунда иштеген.

Мамлекеттик каттоо кызматы 3 шаардагы жетекчилерин иштен убактылуу четтетти

Мамлекеттик каттоо кызматы 3 шаардагы жетекчилерин иштен убактылуу четтетти. Алар Ош, Токмок жана Каракол калааларынын паспорттоштуруу жана жарандарды каттоо бөлүмдөрүнүн жетекчилери. Мындай чара каттоо агымынын акыркы кездери көбөйүшү жана ага байланыштуу кызматтык териштирүү жүрүп жаткандыгына байланыштуу. Кошумчаласак, Ошто бир үйгө 1 миң 300 адам катталганы ачыкка… Кененирээк…

Москвада Кыргызстан жана Россиянын кайчылаш жылынын ачылышы өтөт

Москвада Кыргызстан жана Россиянын кайчылаш жылынын ачылышы өтөт. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, иш-чара 27-февралга пландалды. Ага эки өлкө башчылары Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин катышат. Кайчылаш жылдын алкагында 200дөн ашык иш-чара өткөрүлөт. Анда саясий өз ара кызматташтык, экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-агартуучулук, аскерий-техникалык, жаштар саясаты, туризм жана… Кененирээк…

Вице-премьер-министр кызматына Акрам Мадумаровдун талапкерлиги жактырылды

Вице-премьер-министр кызматына Акрам Мадумаровдун талапкерлиги жактырылды. Мындай чечимди Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети кабыл алды. Учурда Мадумаров өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү. Ал бул кызматка 2019-жылы апрель айында келген. Буга чейин  Жеңиш Разаков вице-премьер-министр кызматынан бошотулган.

Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам катары эмне берери айтылды

Кыргызстан Кытайга гуманитардык жардам катары эмне берери айтылды. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын айтымында, буга чейин Кытайдан жардам берүү өтүнүчү менен кат келген. Алар дезинфекциялоочу каражат, бир жолу колдонмо халат жана бет кап берүүнү суранган. Мындай билдирүү бизден тышкары көптөгөн мамлекеттерге жөнөтүлдү. Биз жооп катары жардам берүү… Кененирээк…