Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйынына катышты

Президент Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарындагы

Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйынына катышты.

Анда чакан жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдөн тышкары

КМШ мамлекет башчыларынын расмий эмес жолугушуусу өттү.

Анын алкагында 11 документке кол коюлду. Анын катарында

Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин

эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу макулдашуусу да бар.