Россия өкмөтү отставкага кетти

Россия өкмөтү отставкага кетти. Премьер-министр Дмитрий Медведев президенттин Федералдык жыйындагы кайрылуусунан кийин өкмөт толугу менен отставкага кеткенин жар салды.

 

Бул президент Владимир Путиндин Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуш киргизгенине байланыштуу.  Өлкө башчы Медведевге Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болууну сунуштады. Ал эми премьер-министрликке  учурда салык кызматын жетектеп жаткан Михаил Мишустиндин талапкерлиги каралууда.