Жалал-Абад санаторийинин кызматкерлеринин кармалып жаткан маянасы бериле баштады

Жалал-Абад санаторийинин кызматкерлеринин кармалып жаткан маянасы бериле баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган санаторийдин жетекчиси Максат Абышкаев билдирди. Анын айтымында, бүгүн кызматкерлердин ноябрь, декабрь үчүн эки айлык маянасы жана буга чейин кармалып калган сыйлык акылары да толугу менен берилди. Белгилеп кетсек, өткөн жумада аталган медициналык мекеменин кызматкерлери… Кененирээк…

Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасы жык толду

Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасы жык толду. Башкы дарыгер Гүлжигит Аалиевдин айтымында, учурда 475 бейтап дарыланууда. Алардын көбү курч респиратордук вирустар боюнча. Медициналык мекеме 400 адамга ылайыкташканына байланыштуу, кайрылгандарды коридорго жайгаштырылып жатат. Мындай кырдаал жаңы корпус салынганда гана жоюлат, — деди Аалиев. Бирок бул жагдай ушуга… Кененирээк…

Бишкек—Ош унаа жолунунда куткаруу бөлүмү иштеп баштады

Бишкек—Ош унаа жолунун Жайыл районундагы Суусамыр айыл аймагында куткаруу бөлүмү иштеп баштады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жаңы курулуп бүткөн эки кабаттуу имарат ишке кирди. Бишкек–Ош унаа жолунун 154-чакырымында орнотулган пункт, өзгөчө кырдаал учурунда жабыр тарткан жарандарга ыкчам жардам көрсөтүү максатында курулду. Аталган бөлүмдө куткаруучулар,… Кененирээк…

Түркияда акысыз дарылана турган кыргызстандыктардын саны 50 адамга көбөйдү

Түркияда акысыз дарылана турган кыргызстандыктардын саны 50 адамга көбөйдү. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, квота аркылуу дарылануучулар элчиликтен тандалат. Аларга Түркиядагы медициналык клиникаларда дарылоо процедуралары акысыз жүргүзүлөт. Ал эми жашаган жери, тамак-ашы, документтерге жана чет тилдерин которууга кеткен чыгымды бейтап өзү төлөйт, — деди министр.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борбору жазында ишке берилет

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борбору жазында ишке берилет. Учурда курулуш иштердин 80 пайызы аяктап калды. Медициналык мекеменин курулуш иштерине Эл аралык кайрымдуулук фонду тарабынан 18 миллион сом бөлүнгөн. Ал эми имаратты куруу иштери ушул жылдын июль айында башталган.

Бишкектеги №6-стоматологиялык бейтапкананын дарыгерлери жарандарды каттоосуз кабыл алгандары аныкталды

  Бишкектеги №6-стоматологиялык бейтапкананын дарыгерлери жарандарды каттоосуз кабыл алгандары аныкталды. Башкы прокуратурадан  кабарлашкандай, каттоосуз кароодон өткөн 16 жарым миң бейтап бар. Ал эми алардан түшкөн 3 миллионго жакын каражат кассага түшкөн эмес. Аталган факты кызматынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча бирдиктүү реестрге катталды. Иликтөө иштерин… Кененирээк…

Шаарды туман жана кара түтүн каптаганда гана пахтадан тигилген бет капты тагынуу керек

Шаарды туман жана кара түтүн каптаганда гана пахтадан тигилген бет капты тагынуу керек. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, бет капты күн сайын тагынуунун кажети жок. Ошондой эле респиратордук вирустар үчүн эмес, курамы пахтадан болгон бет каптарды тагынуу сунушталат. Кошумчаласак, кышкы жылуулук сезону башталганына байланыштуу Бишкекте абанын… Кененирээк…

Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук дарыгерлер борбору 2 миллион сомго жакын каражатка оңдолууда

Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук дарыгерлер борбору 2 миллион сомго жакын каражатка оңдолууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы координатору Мирбек Сагынбаев билдирди. Маалыматка ылайык, медициналык мекеменин биринчи кабаты толугу менен оңдоп түзөөдөн өткөрүлөт. Анда жылуулук системасын жакшыртуу дагы каралды. Ошондой эле эл аралык стандартка… Кененирээк…

Кыргызстанда балдар жана кош бойлуу аялдар үчүн кыска мөөнөттүү бөлүмдөр ачылды

Кыргызстанда балдар жана кош бойлуу аялдар үчүн кыска мөөнөттүү бөлүмдөр ачылды. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти. Маалыматка караганда, республиканын улуттук борборлорунда, облустук жана аймактык бейтапканаларда узак мөөнөткө госпитализацияга муктаж болбогондорго түзүлдү. Учурда аймактык бейтапканаларда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда балдар үчүн 720… Кененирээк…