Кыргызстанда балдар жана кош бойлуу аялдар үчүн кыска мөөнөттүү бөлүмдөр ачылды

Кыргызстанда балдар жана кош бойлуу аялдар үчүн кыска мөөнөттүү бөлүмдөр ачылды.

Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, республиканын улуттук борборлорунда, облустук жана

аймактык бейтапканаларда узак мөөнөткө госпитализацияга муктаж болбогондорго түзүлдү.

Учурда аймактык бейтапканаларда, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда балдар үчүн 720 орун бар.

Ал эми республиканын 10 жумушчу саламаттык сактоо уюмунда кош бойлуу аялдар үчүн 36 орун берилди.

Каржылоо 483 миң сомду түзөт, — деп билдиришти мекемеден.