Кыргызстанда күйдүргү боюнча эпизоотиялык абал туруктуу

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкөдө күйдүргү боюнча эпизоотиялык абал туруктуу экенин билдирди. Мекеме 16-майда кабарлагандай, Ветеринардык кызматтын, Республикалык карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун адистери буга чейин бир кишиге күйдүргү жукканы айтылган айылга барып, иликтөө жүргүзүшкөн. Анда союлган малдын… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда заманбап медициналык борбор ачылды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда заманбап медициналык борбор ачылды. Ал алдыңкы диагностикалык жабдуу менен жана компьютердик томография менен камсыздалган.   Клиника 70 орунга эсептелип, анда  хирургиялык, терапевттик, гинекологиялык бөлүмдөр бар. Медициналык борбор Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорун тейлейт.

Бишкек ЖЭБиндеги жарылууда жабыркагандар реабилитациядан өтөт

Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияда жабыркаган эки адам мындан ары Курортология институтунда реабилитациядан өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.   Эске салсак, жарылууда жабыркаган эки адам үч айдан ашуун убакыт Түркиянын Адана шаардык илимий ооруканасынын күйүк бөлүмүндө дарыланып, Бишкекке 9-майда кайтып… Кененирээк…

Ала-Букада 70 орундуу заманбап медициналык борбор ачылды

Ала-Букада 70 орундуу заманбап медициналык борбор ачылды. Novosti.kgге президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, медициналык жай Аксы, Ала-Бука жана Чаткал районунун калкын тейлөө мүмкүнчүлүгү бар.   Имарат эки жылда курулган. Анда хирургия, терапия, гинекология бөлүмдөрү, диагностикалык борбор жана компьютердик томография аппараттары орнотулган.

Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандардын саны азаюуда

Кыргызстанда кызамыкка чалдыккандардын саны азаюуда. Республикалык иммунопрофилактика боюнча борбордун маалыматына караганда, 10-майга карата аталган ооруну жуктургандардын саны 9 миң 509 адамды түздү   . Илдетке чалдыккандардын басымдуу бөлүгү Бишкек, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында катталган.   Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышына ата-энелер түрдүү себептер менен… Кененирээк…

Ысык-Көлдүн Темировка айылында жаңы ФАП пайда болот

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Темировка айылында фельдшердик-акушердик пункттун жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды.   Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, ФАПтын имаратынын курулушу “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун каржылык колдоосу менен башталды.   Объектти ушул жылдын август айында пайдаланууга берүү пландалууда.

Сузактагы каргашада жабыркаган балдардын абалы айтылды

Саламаттык сактоо министрлиги Сузактагы каргашада жабыркаган балдардын абалы тууралуу маалымат берди. Жалпысынан 32 бала жабыркап, анын 10у Бишкекке алынып келинген.   Бүгүн жабырлануучулардын биринин абалы жакшырып, реанимациядан нейротравматология бөлүмүнө которулду. Калган балдар травматология бөлүмүндө дарылануусун улантууда, абалдары туруктуу.   Ведомство Бишкек жана Жалал-Абад облусунун ооруканаларында… Кененирээк…

Ошто 300 орундуу көп тармактуу оорукананын курулушу башталды

Ош шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында 300 орунга чакталган көп функционалдуу медициналык мекеменин курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, жаңы аймактык оорукананын курулушуна 595 млн сом бөлүнгөн. Имаратты 2025-жылы пайдаланууга берүү пландалууда.

Сузактагы кырсыкта жабыркаган 19 бала дале ооруканада дарыланып жатат

Сузактагы кырсыкта жабыркаган 19 бала дале ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.   Анын айтымында, 10 окуучу Бишкекке жеткирилген, үчөөнө операция жасалды. Абалдары туруктуу деп бааланат. Калган 9 бала Жалал-Абад ооруканаларында дарыланууда, — деди министр.   Эске салсак,… Кененирээк…

Сузактагы кырсыкта жабыркаган балдар Бишкекке алып келинди

Сузакта «Портер» жүрүп кетип, андан жабыркаган балдар Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады. Билдирмеге ылайык, алар Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылды. Буга чейин президент Садыр Жапаров жабыркагандарга жогорку квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү максатында балдарды Бишкекке алдыруу тапшырмасын берген. Алар борбор… Кененирээк…