Бишкек—Ош унаа жолунун Жайыл районундагы Суусамыр айыл аймагында
куткаруу бөлүмү иштеп баштады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча,
жаңы курулуп бүткөн эки кабаттуу имарат ишке кирди. Бишкек–Ош унаа жолунун
154-чакырымында орнотулган пункт, өзгөчө кырдаал учурунда жабыр тарткан жарандарга
ыкчам жардам көрсөтүү максатында курулду. Аталган бөлүмдө куткаруучулар,
аларга тиешелүү унаа жана жабдуулары менен ыкчам нөөмөттө турушат.
Бул максатта жалпысынан 1 жарым миллион сом каржыланды.