Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук дарыгерлер борбору 2 миллион сомго жакын каражатка оңдолууда

Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук дарыгерлер борбору 2 миллион сомго жакын каражатка оңдолууда.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусундагы

координатору Мирбек Сагынбаев билдирди. Маалыматка ылайык,

медициналык мекеменин биринчи кабаты толугу менен оңдоп түзөөдөн өткөрүлөт.

Анда жылуулук системасын жакшыртуу дагы каралды. Ошондой эле эл аралык стандартка ылайык

полго бейтаптарды абалына жараша кабыл алууга ар түстөгү чийиндер түшүрүлөт.

Бул система кайрылуучуларга ыңгай жаратуу максатында, — деди Сагынбаев.