Бишкекте коомдук унаалар дезинфекциядан өтөт

Бишкекте коомдук унаалар дезинфекциядан өтөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, тазалоо иштерин жүргүзүүгө керектүү каражаттын бардыгы бар. Маршруттук каттамдарга күн сайын 1,5 миңден ашык айдоочу чыгат. Алардын ар бирин жолго чыгаарда дарыгерлер саламаттыгын, медициналык дары кутучасы бар же жоктугун жана унаанын техникалык абалын текшерип турушмакчы. Ведомстводон… Кененирээк…

Кыргызстанда обсервацияда 298 киши жатат

Кыргызстанда обсервацияда 298 киши жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Оорулардын алдын алуу департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди.   Анын айтымында, анын 145и кытайлыктар, баарынан анализдер алынып, жыйынтыгы таза чыкты. Андан тышкары,  571 адам жашаган жеринде дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Соңку маалыматтар боюнча, Кытайдан… Кененирээк…

Коронавирус катталганы боюнча жалган маалымат тараткан дарыгер жумуштан бошотулду

Коронавирус катталганы боюнча жалган маалымат тараткан Өзгөн райондук бейтапкананын дарыгери жумуштан бошотулду. Бул тууралуу медициналык мекеменин башкы дарыгери Сатар Жусупов “Азаттыкка” билдирди. Буга чейин кызматтан кеткен дарыгердин элден кечирим сураган видео кайрылуусу жарыяланган. Кошумчаласак, коронавирус жуктуруп алган адам Өзгөн аймактык ооруканасына жаткырылганы боюнча маалымат социалдык… Кененирээк…

Кыргызстанда 218 адам карантинде

Кыргызстанда 218 адам карантинде. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди. Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирге карантин зонасындагы обсервация үчүн 964 орун даярдалды. Республика боюнча райондук, облустук бейтапканалардын базасындагы стационардык түйүндөрдө 400 орун бар. Ал эми жугуштуу оорулар бөлүмдөрүнүн бир бөлүгү резервге… Кененирээк…

Учурда 160 бейтапканада 500 миңге жакын бет кап бар

Учурда 160 бейтапканада 500 миңге жакын бет кап бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди. Анын айтымында, медицина мекемелеринде атайын коргоочу кийим-кеченин саны 300дөн ашык жана респиратордук бет каптын саны 44 миңди түзөт. Учурда коргонуучу каражаттар боюнча маселе бар. Алар Кыргызстанда өндүрүлбөгөндүктөн чет… Кененирээк…

Кыргызстанда былтыр эмдөөдөн баш тарткандардын саны 6,5 миңди түздү

Кыргызстанда былтыр эмдөөдөн баш тарткандардын саны 6,5 миңди түздү. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова билдирди. Анын айтымында, эмдөөдөн баш тартып жаткан ата-энелердин саны жыл сайын көбөйүп жатат. Эмдөө жүргүзүүгө ата-энелерге маалымат жеткирүү боюнча иш алып барабыз. Вакциналардын сапаты көзөмөлдө турат.… Кененирээк…

Кыргызстанда 150 адам карантинде

Кыргызстанда 150 адам карантинде. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, бейтаптардан анализ алынып, алар терс көрсөткүчтө экендиги аныкталды. Дарыгерлердин көзөмөлүндөгү жарандарда коронавирустун белгилери жок. Ал эми жашаган жери боюнча катталган 850 адам көзөмөлдө. Ведомстводон белгилешкендей. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча вируска чалдыккандар каттала элек. Эпидемиалогиялык абал туруктуу.

Кытайдын Ухань шаарынан келген 18 кыргызстандык студент карантинден чыгарылды

Кытайдын Ухань шаарынан келген 18 кыргызстандык студент карантинден чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, алардын абалы канааттандыраарлык. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында жарандардан вирустун белгилери катталган жок. Эске салсак, алар 2-февралда аэропортто текшерүүдөн өткөндөн кийин карантинге алынган.

Кыргызстанда орган алмаштырууга шарт түзүү үчүн аракет көрүлүп жатат

Кыргызстанда орган алмаштырууга шарт түзүү үчүн аракет көрүлүп жатат. Бул тууралуу вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова билдирди. Анын айтымында, жарандар өлкөдөн сыртка чыкпай эле Кыргызстандын аймагында орган алмаштыруу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Бул үчүн Кыргызстан жана Россиянын онкологдор ассоциациясынын ортосунда атайын келишимге кол коюлат. Белгилей кетсек, органын алмаштырууга мажбур… Кененирээк…

Өлкөдө быйыл өткөн жылга салыштырмалуу респиратордук вируска кабылгандардын саны аз

Кыргызстанда быйыл өткөн жылга салыштырмалуу респиратордук вируска кабылгандардын саны аз. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен novosti.kg ге билдиришти. Маалыматка караганда, өлкөдө эпидемиалогиялык абал туруктуу. Ошондой эле коронавирус каттала элек. Бул үчүн чек арадан өткөн жарандар дыкат текшерилип жатат. Вирустун алдын алуу боюнча бала бакча, мектеп,… Кененирээк…