Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров бошотулду

Бишкектин Биринчи май райондук соту депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду УКМКнын тергөө абагынан бошотту. Эки депутатка тең камакка алуу түрүндөгү мурда колдонулган баш коргоо чарасы жокко чыгарылып, алар сот залынан бошотулду.   Белгилей кетсек, кечээ парламент Башкы прокуратуранын Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко… Кененирээк…

Жемкорлукка айыпталган чек ара кызматынын жетекчилери бир айга камалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдындагы Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Курсанбек Бекташев, Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башчысы Чынарбек Насиев жана «Достук» өткөрмө пунктунун башчысы Аскарбек Эрмекбаев 20-ноябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык соту ырастады.   Бекташев… Кененирээк…

Парламент Жогорку соттун үч судьясын шайлады

Парламент депутаттары 20-октябрдагы жыйында Жогорку соттун үч жаңы судьясын шайлашты.   Талапкерлер Тыныбек Бекешевди, Сулмайманкул Атакуловду жана Аида Сейдакматованы депутаттарга президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов тааныштырды.   Депутаттар алардын талапкерлигин колдогондон соң жаңы судьялар ант беришти.   Кыргызстандын Жогорку сотунда төрайым, анын үч орунбасары… Кененирээк…

Сот Курсан Асановду №50 тергөө абагында калтырды

Бишкек шаардык соту бүгүн, 14-октябрда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу адвокат Чынара Жакупбекова «Азаттык» радиосуна билдирди. Ушул эле күнү шаардык соттун имаратынын алдына Асановдун 50гө чукул тарапкери топтолуп аны бошотууну талап кылып… Кененирээк…

Шаардык сот Темир Сариевди 30-ноябрга чейин абакта калтырды

12-октябрда Бишкек шаардык соту мурдагы премьер-министр, «Кумтөр иши» боюнча камалган Темир Сариевдин адвокаттарынын аппеляциялык арызын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Сариевдин тарапташтары билдирди. Экс-премьер-министрдин 100гө жакын тарапташы соттун имаратынын алдына чыгып, аны бошотууну талап кылышты. 24-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту… Кененирээк…

Сот Темир Сариевдин абактагы мөөнөтүн узартты

Мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин абактагы мөөнөтү эки айга узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту кабарлады. Ага ылайык, саясатчы 30-ноябрга чейин камакта болот. Экс-премьер 3-август күнү Кумтөр кени боюнча козголгон кылмыш ишине байланыштуу камалган. Ал экономика министри, ошол эле учурда мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган… Кененирээк…

Азиз Суракматов 150 миллион сом төлөп абактан чыкты

Бишкек шаарынын мурунку мэри Азиз Суракматов келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 миллион сомдун 150 миллион сомун кайтарып берип абактан чыкты. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал калган каражатты да төлөй турганын билдирди.   Мекеменин маалыматына караганда, экс-мэр тергөө менен кызматташуу жөнүндө келишим түзүп,… Кененирээк…

Тайырбек Сарпашев тил кат менен бошотулду

Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерге байланыштуу кармалган мурдагы биринчи вице-премьер министр Тайырбек Сарпашевдин бөгөт чарасы өзгөртүлүп, тергөө бүткүчө жашаган жеринен башка жакка кетпөө шарты менен бошотулду.   Саясатчынын бөгөт чарасын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 29-июнда караган.   Сарпашев Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерге… Кененирээк…

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту Азиз Суракматовдун жактоочусунун даттануу арызын карады. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, буга чейин мурдагы мэрдин жактоочусу Биринчи Май райондук сотунун аны камакта калтыруу чечимин жокко чыгарууну суранган. Жактоочу баш коргоо чарасы камакка алуу түрү менен байланышпаган чара көрүү өтүнүчүн… Кененирээк…

Коррупцияга шек саналган Мирлан Амантуров үй камагына чыкты

Бишкек шаарынын коррупцияга шек саналып кармалган мурдагы вице-мэри Мирлан Амантуров үй камагына бошотулганы белгилүү болду. Бул тууралуу Амантуров сот ишине катышуу үчүн 2-июнда Биринчи май райондук сотуна келген учурда журналисттерге айтты.   Амантуровду 2020-жылы 30-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мэрия менен «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык… Кененирээк…