Раззак Бейшекеев Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде күмүш медаль багындырды

Раззак Бейшекеев Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде күмүш медаль багындырды. Финалдык бетеште ал ирандык балбан Саед Мурад Исмаилиге 3:1 эсеби менен жеңилип калды.   Спортчу жүрүшүн 67 килограмм салмак категориясында турнирдин 1/8 стадиясынан баштап, Монголия, Казакстан, Түштүк Корея өлкөлөрүнөн келген балбандарды жеңген.

Жоламан Шаршенбеков Азиянын үч жолку чемпиону болду

Балбан Жоламан Шаршенбеков Азиянын үч жолку чемпиону болду. Ушул тапта Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында ал финалда япониялык Каито Инабаны 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.   Жоламан Шаршенбеков бул мелдеште жалпы 41 балл алып, атаандаштарына бир да балл уттурган жок.   Белгилеп кетсек, спорттук… Кененирээк…

Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионаты бүгүн жыйынтыкталат

Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионаты бүгүн жыйынтыкталат. Анын алкагында грек-рим күрөшү боюнча 5 медаль топтому ойнотулуп, өлкө намысын 5 балбан коргойт. Алар Жоламан Шаршенбеков, Раззак Бейшекеев, Адылхан Нурланбеков, Бекзат Орункул уулу жана Бексултан Махмудов.   Эске салсак, буга чейин Азия чемпионатында балбандар Айсулуу Тыныбекова, Айпери… Кененирээк…

Грецияда бүгүн Олимпиаданын отун салтанаттуу түрдө жандыруу аземи өтөт

Грецияда бүгүн Олимпиаданын отун салтанаттуу түрдө жандыруу аземи өтөт.   Иш-чара Олимп оюндары жаралган деп саналган Байыркы ОлИмпияда уюштурулат. Археологиялык комплекс ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.   Андан кийин Олимпиада оту эстафета менен Францияга өткөрүлүп берилет. Эске салсак, оюндар Парижде 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.

Акжол Махмудов Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынан күмүш медаль утту

Акжол Махмудов Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынан күмүш медаль утту.   Ал 77 килограммга чейинки салмак категориясында япониялык Нао Кусаки менен финалдык бөлүктө алтын үчүн кармашып, 4:2 эсебинде жеңилип калды.   Финалга чейинки кармаштарда Махмудов казакстандык каршылашын 3:3, ирандык балбанды 12:2 эсеби менен жеңген.

Азия чемпионаты-2024: Улан Муратбек уулу коло медаль тагынды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Улан Муратбек уулу Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында коло медаль жеңди.   Кыргызстандык балбан 55 кг чейинки салмакта 1/4 финалдык баскычынан баштап, анда Түндүк Кореядан келген Ю Чол Ро аттуу спортчуга 8:2 эсебинде жеңилип калды. Тундүк Кореялык… Кененирээк…

Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту

Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту. Ал 76 килограммга чейинки салмак категориясында Индия, Казакстан жана Кытай спортчуларын жеңип алды.   Муну менен Айпери Медет кызы Азиянын эки жолку чемпиону болду. Биринчи алтынды эки жыл мурда Улан-Батордо континенталдык биринчиликте… Кененирээк…

Айсулуу Тыныбекова 6-ирет Азия чемпиону болду

Айсулуу Тыныбекова 6-ирет Азия чемпиону болду.   Ал Бишкекте өтүп жаткан Күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалында япониялык балбан Сакура Мотокини 9:6 эсебинде утту. Чечүүчү беттешке чейин Тыныбекова Кореядан жана Монголиядан келген атаандаштарын жеңип алган.   Айсулуу Тыныбекова 2016, 2017, 2019, 2021, 2023-жылы Азия чемпиону болгон.

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы Азия чемпионатында 3-орунду ээледи

Эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстан жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Кыргызстандын намысын он спортчу коргогон. Анда кыргыз балбандары 1 алтын, 1 күмүш жана 2 кол медалга ээ болгон. Байгелүү орундарга ээ болгондор: Тайырбек Жумашбек уулу… Кененирээк…

Балбан Тайырбек Жумашбек уулу Азиянын эки жолку чемпиону болду

Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Тайырбек Жумашбек уулу алтын медал тагынды. Жумашбек уулу 12-апрелде эркин күрөштөн 61 килограмм салмакта финалда казакстандык Асылжан Айтакын менен беттешип, 3:1 эсебинде жеңди. Ал былтыр Астанада өткөн Азия чемпионатында дагы чемпион болгон. Финалдык беттешке чейин Тайырбек эки беттеш… Кененирээк…