Кыргызстан армиясы дүйнөдө 140 өлкөнүн ичинен 93-орунда турат

Кыргызстан армиясы дүйнөдө 140 өлкөнүн ичинен 93-орунда турат.

Бул тууралуу Global Firepower сайтынын жаңыртылган рейтингинде жазылды.

Салыштырмалуу айта турган болсок, рейтингде Өзбекстан 51-сапта, Түркмөнстан

86-катарда жана Тажикстан 99-орунда жайгашты. Ал эми рейтингдин сап башын

АКШ, Россия, Кытай, Индия жана Япония ээлейт. Индекс болжол менен

50 фактыга таянуу менен түзүлөт. Анын ичинде аскерге жарамдуулардын

саны, мамлекеттин армияга бөлгөн каражаты, Аскер-аба жана

деңиз күчтөрүнүн кубаттуулугу эске алынат.