Баткенде узундугу 18 чакырымды түзгөн канал ашар жолу менен тазаланып жатат.
“Турмуш” басылмасы билдиргендей, учурда Самаркандек, Ак-Татыр жана Ак-Сай айыл аймактарында
иштер жүрүп жатат. Аталган аймактарда жалпы 700 гектарга жакын сугат жерлери бар.